Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Кыргызстанда ыктыярчылар күнү белгиленди


Жапалак айылындагы ыктыярчылар түзгөн көчмө бригада тууралуу маалымат тактасы. Ош шаары. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Жапалак айылындагы ыктыярчылар түзгөн көчмө бригада тууралуу маалымат тактасы. Ош шаары. Июль, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

5-декабрь - Ыктыярчылардын эл аралык күнү Кыргызстанда да белгиленди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ыктыярчыларды майрамы менен куттуктады. Министр куттуктоосунда Кыргызстанда элдин жашоосу жакшыруусуна ыктыярчылар чоң салым кошуп жатканын белгиледи.

"Оорулуу баланын дарылануусуна, жалгыз бой карыянын тамак-ашына, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар адамдарга үй тургузуп берүүдө болобу, дайыма ыктыярчылар жардамга келишет. Ыктыярчылык жашообуздун бир бөлүгү болуп калды",- деп жазды министр.

Базарбаев ошондой эле ыктыярчылардын мааниси былтыркы пандемия күч алган учурда билингенин, алар өз каалоосу менен "кызыл аймактарда" иштеп, оорулууларга азык-түлүк, дары-дармек ташыганын эскерди.

Өткөн жылы пандемия учурунда ыктыярчылар бири-бирине жардамдашуунун кубаттуу күчүн көрсөтө алышкан.

Былтыркы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык, бийлик алмашуу учурунда жүздөгөн ыктыярчылар өкмөттүк имараттарды талап-тоноодон коргоп, өлкөдө баш-аламандыктын күчөп кетүүсүнүн алдын алып турушкан. Ошол эле учурда аларды башка бир ыктыярчылар ысык чай, тамак-аш менен камсыздашкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG