Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 265,5 миллионго чукулдады


Жаңы жылдык жарманкеге келгендерге беткап тагынуу боюнча эскертме. Франкфурт, Германия. 22-ноябрь, 2021-жыл.
Жаңы жылдык жарманкеге келгендерге беткап тагынуу боюнча эскертме. Франкфурт, Германия. 22-ноябрь, 2021-жыл.

5-декабрга карата жалпы дүйнө жүзүндө COVID-19 менен ооруганы аныкталган адамдардын саны 265 млн. 411 903 болду. Бул тууралуу АКШдагы "Хопкинс" университети кабарлады.

Вирустан дүйнө жүзү боюнча 5 млн. 249 734 адам көз жумду.

Элинин 20 миллиондон ашууну коронавирус менен ооруган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.

АКШда бул илдет менен 49 млн. 051 149 адам ооруса, 788 204 адам жашоо менен кош айтышкан.

Индияда 34 млн. 633 254 адам коронавируска чалдыккан, 471 миңге чукул адам илдеттен көз жумган.

Бразилияда 22 млн. 138 247 адам вирус жуктуруп алса, 615 570и оорудан көз жумган.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы дүйнө жүзүндө 8 млрд. 152 млн. 880 миң 936 адам вируска каршы эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG