Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ооган студенттери Бишкектеги ЕККУ академиясына кабыл алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган студенттерине Бишкектеги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) академиясында билим алууга шарт түзүлөт. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаганын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге уюмдун башкы катчысы Хельга Шмид билдиргенин Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси маалымдады.

Министрликтин маалыматына караганда, Казакбаев менен Шмиддин жолугушуусу Стокгольм шаарында ЕККУнун башкы дипломаттарынын жыйыны алкагында 3-декабрда өттү.

Анда Ооганстандагы соңку кырдаалга байланыштуу уюмдун Бишкектеги академиясынын ролу жогорулаганы белгиленди. Канча студент келип окуй турганы азырынча айтылган жок.

Башкы катчы ооган жергесиндеги окуялар Борбор Азия аймагына таасир этпей койбосун белгилеп, ЕККУ бул аймактагы өлкөлөргө чек араны бекемдөө, маңзат бизнесине жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу иштерине жардам берүү программасын кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алганын кошумчалады.

Кыргызстан ЕККУ менен кызматташтыгын 29 жыл мурда баштаган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр кезек-кезеги менен төрагалык милдетти аткарышат.

Быйыл августта Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар көбөйгөн учурда Бишкек жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр экенин билдирген. Кийин бул демилге бир топ эл аралык жолугушууларда козголуп, кыргыз бийлигинин виза берүү чечимин кубатташкан.

Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытай студенттери басымдуу.

Ооганстандык студенттердин көбү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде, Нарындагы Борбор Азия университетинде жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG