Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскеришти


Анкара шаары. 12-декабрь, 2021-жыл.
Анкара шаары. 12-декабрь, 2021-жыл.

12-декабрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Анкаранын Кечиөрен районунун мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Иш-чарада жазуучунун чыгармалары тууралуу сөз болду.

Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн милдеттүү болгон «100 классикалык чыгарманын» тизмесине киргизген.

Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар.

Измирде ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей да бар. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG