Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан 23-декабрга билдишкендей өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Каза болгон жаран вакцина алган эмес.
Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 788 киши көз жумду.
Соңку бир суткада 37 адам коронавирусту жаңы жуктурганы аныкталды.
- Бишкек шаары - 13
- Жалал-Абад облусу - 6
- Чүй облусу - 9
- Ош облусу - 2
- Талас облусу– 1
- Нарын облусу -1
- Ысык-Көл облусу - 5.
Азыркы учурда өлкө боюнча 642 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 299и ооруканада болсо, 343 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда. Вирус аныкталгандардын 99 пайызы вакцина албагандар.
Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 23-декабрга карата 1 млн. 200 миңдей адам эмдөөдөн өттү. Алардын 1 миллиону эки дозаны бирдей сайдырышты.
Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон"-штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт. Өлкө аймагында вирустун жаңы түрү катталган эмес. (JsA)
Facebook шеринеси