Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Бишкекте ок атышкан окуя боюнча шектүүлөр кармалды


Бишкек милициясы таркаткан сүрөт. 24-декабрь. 2021-жыл
Бишкек милициясы таркаткан сүрөт. 24-декабрь. 2021-жыл

Бишкекте түндө бири-бирине ок атышкан окуя боюнча алты киши шектүү катары кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

"Адамдардын ортосунда уруш ок атуучу курал колдонуудан улам чыккан. Окуя болгон жерди кароо учурунда травматикалык тапанча жана үч патрон, тапанча гильзалар менен табылган. Учурда "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду” – деп айтылат Бишкек ШИИБдин маалыматында.

Шектүүлөрдүн улуусу 38, кичүүсү 28 жашта. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү жүрүүдө. Окуяга катыштыгы бар башка жарандар дагы изделип жатат.

22-декабрда түндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде 10-15 адам мушташып, бири-бирине ок атып жатканы тартылган тасма социалдык тармактарда тараган болчу.

Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны өткөн жылга салыштырмалуу 2021-жылы өскөнү айтылган. Тогуз айдын ичинде 66 274 кылмыш иши катталган. Бул былтыркыга караганда 26,4% көп. Өткөн жылы ушул аралыкта 52 434 кылмыш фактысы катталган болчу. ИИМ негизинен уурулук, алдамчылык күч алганын, буга жумушсуздук себеп экенин билдирип келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG