"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына караганда, 11-январда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус төмөндөйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3, күндүз +4…+6° жылуу болушу күтүлөт.