Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Министрлер кабинети канал-арыктарды тазалоону тапшырды


Суу каналы. Иллюстрация.
Суу каналы. Иллюстрация.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдагы сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Анда өлкө аймагындагы ирригациялык тармакты жана каналдарды калыбына келтирүү, оңдоо боюнча пландар талкууланды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров сугат иштерине даярдоо 8-мартка чейин бүтүрүү зарыл экенин белгиледи.

Өткөн жылы ноябрь айында президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялаган. Буга жаз-жай мезгилинде Чүй облусундагы жерлер талаптагыдай сугарылбаганын жүйө келтирген.

2021-жылы Кыргызстандын бардык аймагында суу тартыш болду. Бул көйгөй эл жыш жайгашкан Чүй өрөөнүндө өзгөчө байкалды. Кургакчылыктын айынан чөп жакшы чыкпай, эгин талаалары кургап, мөмө-жемиш бышпай, малга тоют камдоо чоң көйгөйгө айланды. Буудайдын түшүмү 42,%, арпаныкы 46,% кыскарды. Дан эгиндерин айдоо 2021-жылы 30% чейин азайган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG