Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Кубанычбековдун бөгөт чарасы аныкталышы мүмкүн


Адилет Кубанычбеков.
Адилет Кубанычбеков.

Коррупцияга шек саналып кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун бөгөт чарасы 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аныкталат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди. Алар 18-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына нааразылык акцияга чыгып, Кубанычбековду үй камагына бошотуу талабын коюшту.

“30 жылдан бери чириген системаны да оңдош оңой эмес. 30 жыл калыптанган коррупциялык схемаларды жок кылууга эки ай жетпейт. Алты ай, бир жыл убакыт керек. Киши кызматка толук кирише элек. Ал карайым адам, аскер кызматчысы да болгон эмес”, - деди Кубанычбековдун тарапташы Самат Курбанов.

Атайын кызмат Адилет Кубанычбековду коррупцияга айыптап, 17-январда кармаган. Мекеменин маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Адилет Кубанычбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Былтыр декабрь айында “Азаттыкка” берген маегинде ал Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан.

2019-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыккан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG