Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Дача СУ: аким менен жолугушууда элди көчүрүү маселеси көтөрүлдү


Дача СУ конушунун тургундары беш жыл мурдагы учак кырсыгынан бери аларды башка жерге көчүрүүнү талап кылып келишет.
Дача СУ конушунун тургундары беш жыл мурдагы учак кырсыгынан бери аларды башка жерге көчүрүүнү талап кылып келишет.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев 19-январда Дача СУ конушуна барып, тургундар менен жолукту. Анда коопсуздук маселелеринен улам жашоочулар аларды башка аймакка көчүрүү, жер бөлүп берүү маселесин көтөрүштү.

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы мындан туура беш жыл мурун, 16-январда учак кыйраган. Анда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч тең курман болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.

Өткөн айдын башында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган. Азырынча анын корутундусу жарыяланып, маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG