Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондун түзүү жөнүндө чечимге кол койду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы бул фонд Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу, жоопкерчиликти жогорулатуу иштери менен алектенерин билдирди.
Кыргызстан тышкы карыздын көп бөлүгүн автожолдорду оңдоого жана энергетика тармагына алган. Ошол эле кезде өлкөдө Транспорт министрлиги эң коррупцияланышкан мамлекеттик мекемелердин катарында турат. (BTo)
Дагы караңыз