Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

"Кыргыз журналистикасы тизгинделбейт"


Ибраим Нуракун уулу.
Ибраим Нуракун уулу.

ИИМ иликтөөчү журналист Болот Темировго жана төкмө акын Болот Назаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын билдирди. Муну медиа чөйрө жана жарандык коом журналист менен төкмө акындын кесиптик ишмердигине байланыштырууда.

22-январда камалган Темиров менен Назаров медиа өкүлчүлүктүн жана жарандык коомдун талабынан кийин соттун чечими менен 23-январда кайра үй камагына чыгарылган.

Медиа эксперт Ибраим Нуракун уулу “Азаттыктын” суроолоруна берген жообунда бул окуя бийликтин аброюна олуттуу доо кетирген кадам болду деп баалады.

- Белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темиров менен айтылуу төкмө акын Болот Назаров олуттуу айыптар менен күтүүсүз кармалып, медиа чөйрөнүн жана жарандык коомдун талаптарынан кийин кайра чукул бошотулду. Бул окуя сиз үчүн да күтүүсуз болдубу? Себебин эмнеден көрүп жатасыз?

- Абдан эле күтүүсүз болду. Себеби, Болот Темиров - иликтөөчү журналист катары Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиядагы таанымал журналисттердин бири. Буга чейин бир катар резонанс жараткан иштерди иликтеп чыгарган. Өтө маанилүүсү, эки күн мурда Кыргызстандын жогорку бийлигиндеги эң таасирдүү адамга, анын жакындарына байланыштуу иштери тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Ошол иликтөөнүн чыгышы менен баңгизатка байланышкан операциянын дал келип калышы көптөгөн журналисттерди, коомдук уюмдарды кабатыр кылды.

Андан тышкары күч органдарынын журналисттерге, алардын кесиптештерине ашыкча күч колдонуп, террористтерди кармагандай куралчан келип, чоң операция катары аракет кылганы да көп суроолорду жаратты. Буга чейин Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин бийлиги учурунда деле журналисттер менен соттошуу, шектүү катары сот жообуна тартуу аракеттери болгон. Бирок, журналисттерге азыркыдай күч колдонулган эмес. Ошондуктан, журналисттер коомчулугу кесиптештерин катуу коргоп чыгышты. Бул жерде Кыргызстандагы журналисттердин, атуулдук коомдун биримдиги көрүндү.

- Кармалгандар, аларды колдоп чыккандар бул окуяны сөз эркиндигине басым деп жатышат. Демократиялык өнүгүү жолунан кайтпайм деп убада берип жаткан бийлик эмне үчүн мындай жолго барды?

- УКМКнын башчысы Ташиев дагы журналисттин камалышы мага аброй алып келбейт дебедиби. Негизи эле бийликке, күч органдарына бул аброй алып келбейт. Эмне үчүн мындай иш жасалганы бардык тараптарга тең түшүнүксүз. Коркутуу болду, сөз эркиндиги кысылып калды дейин десек журналисттер кайра баш көтөрүп, курчуп чыкты. Бул иштин максатын көрбөй турам.

- Ошондой болсо да медиада бийлик журналисттерди тизгиндегиси келип жатат деп жазышууда.

- Бакиевдин учурунда журналисттердин чет өлкөгө баш калкалап кеткен учурлары болгон. Бирок кыргыз журналистикасы эч качан тизгинделип калган эмес. Күч органдарынын күчү менен журналисттердин оозун басып коюу Кыргызстандын тажрыйбасында жок. Ошондой максатты көздөдү деп да ойлобойм. Бул жерде балким кандайдыр бир чагым бардыр. Себеби, президент Садыр Жапаров Кыргызстан президенттик башкарууга багыт алганы менен, демократиялык багытын жоготпойт, сөз эркиндигинен, демократиялык принциптерден тайбайбыз деп көп жолу БУУнун трибунасында, башка жолугушууларда айтып келет.

Демек, бул жерде президенттин багытына да каршы келген аракет болуп калып атат. Андыктан, жалпы мамлекеттик саясат деп эсептебейт элем. Төмөнкү эшалондогу кызмат адамдарынын катасы болуш мүмкүн.

Бирок, кандай ката болсо да, жалпы Кыргызстандагы жогорку бийлик өкүлдөрүнө сокку болду. Эми Маданият минстрлигинин алдындабы, президенттик администрациянын алдындабы, маалымат саясатын көзөмөлдөгөн, көз салган мамлекеттик кызмткерлер бар болсо ойлонуп, мындан сабак алат деп ойлойм.

- Журналист менен акынга ИИМ кылмыш ишин козгоп койду. Эми бул маселе кандай чечилет?

-Кылмыш иши козголуп, шектүү катары каралгандан кийин ишти өтө кылдат, бейтарап тергеп чыгып, ага сот чекит коюшу керек.

-Сот бейтарап карай турганына ишенсек болобу?

-Болот. Себеби, буга чейин деле коомчулук күткөндөн башкача чечимдерди чыгарган учурлар болду да. Мисалы, айрым оппозиционер үчүн куугунтук болду деген ишмерлерди үй камагына чыгарды, өткөн шайлоо алдында Рыскелди Момбековдун дипломдук иш боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды. Менин оюмда шек жаралбашы үчүн сот ишти мыйзамдын негизинде гана карашы керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG