Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Украина-Орусия кризиси: Москвадагы жолугушуу, Беларустагы машыгуу


Беларустагы Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу.
Беларустагы Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу.

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс 10-февралда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул арада Беларуста Орусия менен биргелешкен машыгуу башталды.

Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын 100 миңдей орус аскерлеринин топтолушунан кооптонуп жатат.

Трасс менен Лавровдун кездешүүсү

Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кездешүүсүнүн киришүү бөлүгүн жергиликтүү басылмалар түз чагылдырышты.

Лавров анда эки өлкөнүн сырткы саясий мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу 2017-жылдан бери эми болуп жатканын айтып, муну жакшы жышаан катары мүнөздөдү. Ал беш жыл мурда азыркы өкмөт башчы Борис Жонсон тышкы иштер министри болгон учурда кездешкенин эске салды.

"Бирок бүгүнкү жолугушууну мен кайталангыс деп айтар элем, анткени эртең биздин коргоо министрлеринин кездешүүсү болгону жатат. Премьер-министр Борис Жонсон британ парламентиндеги билдирүүсүндө анын канцеляриясы Орусия менен мамилени чыңдоого даяр экенин айтып өттү. Ошентип жарыяланган, чынында кандай экенин билбейм. Эгер британ кесиптештер чындап ошондой ниетте болсо, анда биз дагы жакшы маанайда жооп кылганга даярбыз. Себеби акыркы жылдары биздин ымалаларыбыз өтө төмөн деңгээлге түшүп кеткен", - деди Лавров.

Лиз Трасс менен Сергей Лавров. 10-февраль, 2022-жыл.
Лиз Трасс менен Сергей Лавров. 10-февраль, 2022-жыл.

Андан кийин сөз алган британ министри Лиз Трасс жалпы дипломатия жөнүндө айтып, андан соң дароо эле Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалга токтолду.

"Реалдуулук деген ушул, биз азыр Украинанын чек арасында 100 миңден ашык орус аскерлеринин жыйналышына жана Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверенитетине шек кетирүү аракеттерине көңүл бурбай коё албайбыз. Украинадагы согуш украин жана орус калкына да, европалык коопсуздукка да эбегейсиз кесепеттерди алып келет. НАТО Украинага кандай гана чабуул болбосун анын арты оор кесепеттерге жана олуттуу чыгымдарга алып келерин эскертет", - деди ал.

Трасс мунун алдында орус баш калаасына баргандан кийин “Орусия куралдуу күчтөрүн алып кетүүгө, Украинанын эгемендигин урматтоого тийиш же болбосо олуттуу кесепеттерге туш болушу мүмкүндүгүн так айтарын” "Твиттердеги" баракчасына жазган. Ал эми Лавров Британиянын расмий адамдары "риторикасын өзгөртүүгө тийиш" деп билдирген эле.

Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштуу Батыштын атынан арачы түшүү аракетин Британия мурда эле баштаган. Британ премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2-февралда телефондон сүйлөшкөн эле. Анда Жонсон Украинага кандай гана чабуул болбосун анын арты оор болорун Путинге эскерткени маалымдалган.

Украинанын айланасындагы кризисти жөнгө салуу аракеттеринин алкагында Борис Жонсон эми Варшава жана Брюсселге бармакчы. Немис канцлери Олаф Шольц Берлинде Балтика боюндагы үч мамлекеттин лидерлери менен кездешкени жатат. Ал ортодо Франциянын президенти Эммануэл Макрон да Москвага келип, Путин менен сүйлөшүп кеткен.

Эки фронттогу машыгуу

Береги дипломатиялык аракеттер Беларус менен Орусия биргелешкен аскердик машыгуу баштаган учурга туш келди.

Он күндүк иш-чарада эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү Батыштын жана Украинанын ыктымал чабуулуна туруштук берүү, терроризмге каршы туруу, союздук мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо максаттарын аткарышмакчы. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Беларус менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуулары.
Беларус менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуулары.

Машыгуу өткөрүүнү эки президент былтыр декабрда жактырган. Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок. Орусия кошуна өлкөгө зениттик-ракета комплекстерин, кыйраткыч учак (истребител), башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

Бул кадам Батышты ого бетер тынчсыздандырды. Себеби, Беларус чек арасынан Киевге орус чек арасына караганда жакыныраак.

Борис Жонсон менен Йенс Столтенберг.
Борис Жонсон менен Йенс Столтенберг.

10-январда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен биргелешкен басма сөз жыйынында буларга токтолду:

“Орусиянын күчтөрү барган сайын көбөйүп жатат. Ыктымал чабуул жөнүндө эскертүү берүүгө убакыт өтө тар. НАТО Орусия үчүн коркунуч жаратпайт, бирок биз саясий чечим табууга да ынтызарлыгыбызды көргөзүү менен эң жаман нерсеге да даяр болушубуз керек", - деди Столтенберг.

Өз кезегинде Украина дагы 10-февралдан тарта машыгуу өткөрүүдө. Ал арада америкалык алгачкы аскерлер Германиядан Румынияга барды. Вашингтон украин кризисинен чочулап, НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн күчтөндүрөрүн билдирген. Муну үчүн кошумча 3 миң аскер жөнөтөрүн кабарлаган.

Мунун алдында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мындай деген эле.

"Биздин батыштагы досторубуз улам-улам айтып жаткан Украинанын тегерегиндеги кырдаалды деэскалацияны өтө ыкчам жасаса болот деп ишенебиз. Муну үчүн Украинаны курал менен камсыздоону токтотуу, анын аймагында батыштан келген аскердик кеңешчилерди, инструкторлорду чакыртып алуу, Украинанын аскердик күчтөрү менен НАТОнун биргелешкен машыгууларын токтотуу жана Украинанын аймагына келген чет элдик куралдарды чыгарып кетүү гана керек".

Чыңалуунун төркүнү

Украина менен Орусиянын чек арасындагы соңку чыңалуунун төркүнү былтыр жайга барып такалат. Тагыраагы ошол учурда Түндүк Атлантикалык Аскердик Альянстын саммитинде Украинаны НАТОго кошууну тездетүү маселеси каралган.

Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникасынын картасы.
Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникасынын картасы.

АКШ, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун расмий адамдарынын Орусиянын өкүлдөрү менен ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын ичинде АКШнын президенти Жо Байден менен Владимир Путин телефондон сүйлөшсө, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кездешкен.

Бирок алардын биринен да майнап чыккан жок. Батыш тарап Украина эгемен өлкө экенин, ал кайсы уюмга кошулуп-кошулбасын Орусия чечпей турганын эскертип келет.

2014-жылы Орусия кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап алган. Украинанын эки облусу Донецк менен Луганскиде (экөө биригип Донбасс аймагы деп аталат) орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн тынбай келаткан согушунан ошондон бери 13 миңден көп киши набыт болду.

Быйыл 25-январда Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымда жана украин чегине жакын жерде 6 миң аскер, 60 согуш учагы катышкан машыгуу баштаганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG