Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Британ ханышасы Елизавета II коронавируска чалдыкты


Британ ханышасы Елизавета II.
Британ ханышасы Елизавета II.

Британ ханышасы Елизавета II коронавирус жугузуп алганы тууралуу маалыматты Букингем сарайы ырастады. Анын кеңешчилеринин айтымында, 95 жаштагы ханышада оорунун белгилери жеңил өтүүдө. Ошондуктан ал өзүнүн милдетин аткарууну уланта берет.

Ханышанын ооруп жактаны тууралуу маалыматтар бир нече күндөн бери таркап жаткан. Бирок Букингем сарайы расмий бышыктай элек болчу.

Жакында эле ханзаада Чарльз жана анын аялы Камилладан коронавирус табылган. Ханыша тун уулу менен 8-февралда жолуккан.

Расмий маалыматка караганда, Елизавета II коронавируска каршы вакцинанын үч дозасы менен эмделген. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон ханышага тез айыгып кетишин каалаган билдирүү жиберди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG