Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:02 24.7.2022

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинанын Одесса портуна орусиялык күчтөрдүн сокку урушун айыптады.

Муну менен Москва Стамбулда кол коюлган дан экспорттоого тоскоолдук кылбоо тууралуу макулдашууну бузганын айтты.

Блинкендин билдирүүсүндө, дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин тереңдешине Орусия жооптуу. Ал Кремлди өз агрессиясын тез арада токтотууга, буга чейин макул болгон келишимдин шарттарын аткарууга чакырды.

Москва менен Киевдин расмий өкүлдөрү Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен Украинада бир нече айдан бери токтоп турган буудай экспортун кайра жандантуу келишимине 22-июлда кол койгон.

Андан бир күн өтө электе Орусия Одессадагы портко ракетадан сокку урган.

12:33 24.7.2022

Украина Орусияны Кара деңиздеги порттордон дан экспорттоо тууралуу Стамбул макулдашуусун үзгүлтүккө учуратууга аракеттенди деп айыптады.

Киевдин мындай билдирүүсү Одессадагы портко ракета тийгенден кийин жасалды.

18:38 23.7.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

16:07 23.7.2022

Украинага дагы төрт даана HIMARS системасы берилет

Кошмо Штаттары Украинага берилчү аскердик жардамдын кезектеги 270 млн. долларлык пакетин жактырды. Анда украиналык армияга төрт даана HIMARS системасын берүү да каралган. Ошону менен Украинага берилген бул таамай атуучу, реактивдүү артиллериялык системанын саны жыйырмага жетет.

Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби бул чечим Украинанын аймагын орус аскерлери токтоосуз аткылап, карапайым тургундар набыт болуп, шаарларга, айылдарга жана жарандык инфраструктурага зыян келтирилгенине байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

HIMARS системасы украин армиясынын жогорку баасына ээ болду. Аларды жеткиргенден кийин украин армиясы орус аскерлеринин ок-дары кампаларына жана башка аскердик объектилерине чабуул жасай баштады.

Украинанын Коргоо министри Алексей Резников душмандын мизин кайтаруу үчүн мындай системанын санын көбөйтүп, жүзгө жеткирүү керек деди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG