Бурятияда резервдеги адамдарга 22-сентябрга караган түнү массалык түрдө аскерге чакыруу таратылып, көпчүлүгү түз эле комиссариаттарга алынып кетти. Бул тууралуу “Эркин Европа\ Азаттык радиосунун” “Север.Реалии” долбоору кабарлады.
Москва шаарында мобилизацияга каршы акция учурунда кармалгандардын айрымдарына полициянын бөлүмдөрүндө аскердик комиссариаттарга чакыруулар берилди. Бул тууралуу кармалгандар "ОВД-Инфо"укук коргоо борборуна кабарлашты.
Орусияда туткунда жаткан 200дөн ашык аскерлер, көпчүлүгү Мариуполдогу "Азовсталь" заводун бошотууга катышкандар бошотулду. Алардын ичинде “Азов” полкунун командири Денис Прокопенко жана анын орун басары Святослав Паламар, заводдун ичинен тартылган сүрөттөрү менен таанылган жоокер Дмитрий Козацкий, Мариуполдун патрулдук полициясынын башчысы Михаил Вершинин жана башкалар бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын делегаттарына видео кайрылуу жасап, “тынчтыкты сактоо формуласы” үчүн беш пункт сунуш кылды. Ал ушул шарттарды аткаруу менен согушту токтотуп калууга мүмкүн деп эсептейт.
Зеленский мунун биринчи чарасы катары чек араны бузганы үчүн жана адамдардын өлүмү үчүн Орусияны жазалоону талап кылды.