Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:23

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:04 26.10.2022

Владимир Зеленский Днепрге сокку урулганы боюнча билдирүү жасады

"Биз эч качан кечирбейбиз. Жаза адилеттүү жана сөзсүз болот", - деп кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча пикирин билдирип, фейсбукка жазды. Днепрдеги май куюучу жайга урулган ракеталык соккудан эки адам каза болуп, үчөө жараат алган.

14:57 26.10.2022

26-октярбдын таңында Украинанын Никополь району аткыланганын Днепропетров облусунун губренатору Валентин Резничено билдирди. Жабыркагандар жок. Электр жабдыктары жабыркап, 600 үй жарыксыз калды. Украинанын энергетика тармагына орус тарап октябрдын башында жапырт сокку ура баштаган. Украин бийлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн энергетика тармагынын 30% жабыркаган. Мисалы, Киевде маал-маалы жарык өчүрүүлөр башталды.

14:45 26.10.2022

АКШ президенти Жо Байден Орусияга өзөктүк курал колдонуунун кесепети жаман болорун эскертти. Ал 25-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө бул Орусиянын "олуттуу катачылыгы" болуп каларын айтты.

"Мен азырынча сөз “жалган желек” операциясы жөнүндө болуп жатканына кепилдик бере албайм. Биз билбейбиз. Бирок бул өтө олуттуу ката болуп калат", -деди Байден журналисттерге.

14:45 26.10.2022

Шейшембиде Орусия АКШга "Гром" деп аталган стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын расмий билдирди. Машыгуунун алкагында өзөктүк куралды алып жүрүүчү баллистикалык ракеталар учуруларын Пентагон жана Мамдепартамент маалымдады.

Жыл сайын өтүп келген машыгуулар быйыл Орусиянын Украинадагы согушу учурунда өзгөчө көңүл борборунда.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG