17-ноябрда Украинанын Запорожье облусунун Вольнянск шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан жети адам каза болду. Жергиликтүү бийлик Орусиянын ракетасы турак жайга тийгенин билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты.
Расмий Киев билдиргендей, Кара деңиз портторунан украин эгинин экспорттоо тууралуу келишим дагы 120 күнгө узартылды.
"Чечим Стамбулда жактырылды. Демилгеге кепилдик берген талаптар катары Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Түркия калууда", -деп жазылат Украинанын Инфраструктура министрлиги тараткан билдирүүдө.
Маалыматты БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дагы ырастап, тараптардын чечимин кубаттады.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден украин лидери Владимир Зеленскийдин Польшага түшкөн ракета украин тараптан атылган эмес деген комментарийинен күмөн санайт. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Вашингтондо айтты.
"Бул эч кандай далил эмес", - деди Байден.
АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли билдиргендей, Украина жакын арада толук жеңишке жетет деген ыктымалдуулук өтө аз. Ал орус куралдуу күчтөрү такыр эле кыйрап калганда мындай болушу мүмкүн экенин, бирок андай ыктымалдуулук төмөндүгүн кошумчалады.
Генералдын билдирүүсүнө караганда, украин аскерлери Харьков менен Херсондо ийгиликке жеткени менен Орусия Украинанын аймагынын 20% көзөмөлдөп турат.