Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги кассеталык ок-дарылар Украинага жеткирилгенин ырастады.
Пентагондогу штабдардын биргелешкен комитеттеринин өкүлү Дуглас Симс 13-июлда брифингде мындай ок-дарынын теңин АКШ, калган бөлүгүн өнөктөштөрү бергенин маалымдады.
Ал Bloomberg басылмасынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып Киев кассеталык бомбаларды жайкын тургундар жашаган аймакка жакын колдонууга кызыкдар эместигин белгиледи.
"Украиналыктар орусиялыктардын айырмаланып кассеталык ок-дарыны эл жашаган аймакка жакын жерде колдонууга кызыкдар деп ойлобойм. Алар кассеталык ок-дары мээлеген бутага тийбей калышы ыктымалдыгын да билишет жана түшүнүшөт", - деди Дуглас.
Өткөн аптада Вашингтон Киевге бериле турган баасы 800 миллион долларлык кезектеги жардамдын алкагында кассеталык ок-дары жөнөтөрүн расмий бышыктаган. Коргоо министринин орун басары Колин Каль Киев мындай ок-дарынын колдонулушу тууралуу АКШга такай отчет берип турарын, өз эли үчүн тобокелдикти азайтуу максатында өз аймагында гана колдонуу тууралуу милдеттеме алганын белгилеген.
Президент Жо Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан “Орусия Украинага каршы согуш ачкандан тартып эле кластердик бомбаларды колдонгонун, Украина өз аймагын коргош үчүн ушундай куралга муктаж экенин” айткан.
АКШнын бир катар өнөктөштөрү Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы чыккан.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эгер Украинага кассеталык ок-дары берилсе, орус армиясы дагы мындай бомбаларды колдоно баштай турганын эскерткен. Ал муну "аргасыз чара" жана Киевге "жооп" катары сыпаттап, ушул кезде Москва "кассеталык ок-дарыны колдонуудан карманып келе жатканын" айткан.
Украинанын бийлиги Орусия согуш баштагандан бери бир канча жолу кассеталык бомба колдонгонун билдирип келет. Москва болсо дооматты такай четке кагууда.
Кассеталык дүрмөттөр асманда жарылып, майда бөлүкчөлөрдү узакка чачыратат. Андан өтө көп жайкын тургундар кырылып калышы ыктымал деген кооптонуу бар. Бомбанын майда бөлүкчөлөрү аткылоо учурунда жарылбай, кийин жарылышы мүмкүн жана ал жер-суунун баарын мина талаасына айлантууга жөндөмдүү.
Дүйнөдө кассеталык бомбаларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Ага 100дөн ашык мамлекет кол койгон, бирок Орусия да, Украина да кошулган эмес.
Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин компаниялары куралдуу козголоңдон кийин деле мектептерди жана ооруканаларды тамак-аш менен камсыздоо тууралуу келишим түзүүнү улантып жатышат. Бул тууралуу RTVI каналы кабарлады.
Жалпысынан 1 млрд. 64 миллион рублга тогуз келишим түзүлгөн. Алардын арасында Москванын жака белиндеги Мытищи шаардык аймагынын билим берүү башкармалыгы "Продфутсервис" компаниясы менен 705 миллиондук келишимге кол койгон.
Анын алкагында аталган ишкана Москва облусунун мектептерин 2023-2025-жылы тамак-аш менен камсыздайт.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Түштүк аскердик округунун 58-жалпы аскердик бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Иван Попов "ачуу чындык" жазылган баяндама үчүн кызматтан четтетилгенин айтып чыкты.
Бул тууралуу ал аскерлерге жасаган аудио кайрылуусунда билдирген. Аны Мамлекеттик думанын депутаты, бир кезде 58-жалпы аскердик бөлүгүн жетектеген Андрей Гурулев таратты.
Анда Попов камсыздандыруу жана аскердик иштер боюнча бир катар көйгөйлөрдү ачык айтканын маалымдаган. Генерал-майордун пикиринде, орус армиясынын эң башкы көйгөйү контрбатареялык күрөштүн жоктугунда, украин күчтөрүнүн артиллерия багытында күчтүү экенинде.
Аскер кызматкери ушул маселелерден улам орус тарап жапырт жоготууга учурап жатканын кошумчалаган.
"Буга байланыштуу жогорку жактагылар мени кандайдыр бир коркунуч катары көрүштү окшойт. Бир күндүн ичинде буйрукту токуп, коргоо министри дароо кол коюп, мени иштен алышты", - дейт Попов.
Орусиянын Коргоо министрлиги генерал-майордун айткандарына комментарий бере элек.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институтунун маалыматына ылайык, Попов Башкы штабдын жетекчиси, Украина аймагындагы Бириккен Күчтөр тобунун командири Валерий Герасимовго берген доклады үчүн кызматтан алынган. Ал өзүнүн кол алдындагы жана согуш тилкесинде узак убакыттан бери турган аскерлерди ротациялоо зарылдыгын айткан.
The Insider басылмасы жазгандай, Украинанын күчтөрү Запорожье багытында 58-жалпы аскердик бөлүгүнүн турумдарына чабуул жасап келет.
Украина туткунда каза тапкан 19 адамдын сөөгүн кайтарып алды
Бул тууралуу Украинанын өзгөчө дайынсыз жоголгондор боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.
"Адам туткунда жатканда аны суракка алышат, биз муну видеолордон көрүп жатабыз. Мен туткунда каза болгон 19 адамдын сөөгүн алып келдим. Дагы төртөөнү жакын арада алып келем", - деди Котенко дайынсыз жоголгондордун укуктук статусу тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына байланыштуу өткөн жылдык жыйынында сүйлөп жатып.