Орусия куруп жаткан дрон чыгарган завод согушка таасир этери айтылды
Бул тууралуу Крым.Реалии АКШнын коргонуу ведомствосуна таянып жазды.
Учкучсуз учак курган завод Москваны жаңы курал менен камсыздайт жана анда чыгуучу дрон Ирандан сатып алганга караганда алда канча көп болот.
Аналитиктердин айтымында, Иран ушул тапта Орусияга 400 учкучсуз учак жеткирген. Орусия дронду негизинен украиналык стратегиялык объекттерге сокку уруу жана Украинанын аскер аба күчтөрүн алагды кылуу үчүн колдонууда.
Украин армиясы Старомайское аймагында ийгиликке жетти
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Андрей Ковалев билдирди. Ал кеп түштүк багыты тууралуу болуп жатканын тактады. Старомайское айылы Донецк облусундагы Волноваха шаарына жакын. Ковалев украин аскерлери жаңы позицияларды ээлеп, ошол эле маалда орусиялык күчтөр "катуу каршылык көрсөтүп, аскер бөлүктөрүн жана резевдеги күчтөрдү" алып келип жатканын билдирди. Украин аскерлери Запорожье облусундагы Работино айылынын түндүк-чыгышындагы мурда өздөрү жоготуп алган позицияны ээлегенге аракет кылууда.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 26-июлда "аскердик байланыштарды бекемдөө максатында" Түндүк Кореяга барды.
Мекеменин Телеграм-каналында айтылгандай, Пхеньянда орус делегациясы "1950-1953-жылдагы Ата мекендик боштондук согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат". Кеп Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын урушу тууралуу жүрүүдө.
Орусия Украинага басып киргенден бери Батыш өлкөлөрү Москва менен Пхеньяндын кызматташтыгына көңүл бурууда. АКШнын чалгын кызматтары Түндүк Корея орус армиясын артиллериялык ок-дары жана техника менен камсыздаганын белгилеген. Пхеньян бул маалыматтарды четке кагып келет.
Түндүк Корея - Орусия жана Сирия менен катар былтыр күздө Украинанын төрт облусунун аннексиясын тааныган өлкө.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы армияда милдеттүү кызмат өтөгөндөргө бир айдан кийин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө уруксат берүүнү караштырууда.
Келишимден кийин мекеме аларды Украинадагы согушка жөнөтө алат. Мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү парламенттин Коргоо комитети жактырды.
Документке ылайык, андай келишимдерди министрлик мобилизация, аскердик абал, куралдуу жаңжалдар учурунда, контртеррордук операциялар жүргүзүлгөн маалда же армияны чет өлкөлөргө жөнөткөндө түзө алат.
Азыркы учурда андай келишимге аскерлер армияга чакырылгандан үч айдан кийин кол коё алат.
25-июлда Мамдума армияда кызмат өтөөнүн шарттарын катаалдаштырган бир нече алымча-кошумчаны жактырган. Алсак, чакыруу кагазын алгандан кийин аскердик комиссариатка барбай койгондорго айып пулду көбөйтүү, аскерге чакыруу жашын 27ден 30 жашка чейин көтөрүү сунуштары колдоо тапты. 18 жаштан эмес 21 жаштан чакыруу сунушу колдоо тапкан жок.
"Свобода" радиосунун жазганына караганда, Думанын Коргоо комитетинин төргасы Андрей Картаполов түзөтүүлөр "чоң урушка" жана "жалпы мобилизацияга" ылайыкташтырлып жазылган деп комментарийледи.
Расмий маалыматтарга ылайык, учурда Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жүрөт. Алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.