Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:08 11.8.2023

Орус армииясы жума күнү эртең менен Украинага ракеталык соккуларды урду. Украин күчтөрүнүн маалыматына караганда, Киевге “Кинжал” ракетасы менен чабуул коюлган.

Калаа мэри Виталий Кличко шаарда эки жардыруу болгонун билдирди. Ракетанын сыныктары Оболонь районундагы балдар ооруканаларынын бирине тийген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Украинанын Житомир, Хмельницкий, Черновцы, Ивано-Франковск облустарында абадан айгай салынды.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов өткөн суткада Купянск районуна сокку урулуп, бир тургун набыт болгонун, бир канча киши жараат алганын билдирди. Сокку урулган райондордо көп кабаттуу жана жер үйлөр зыян тарткан.

Орус күчтөрү Херсон облусундагы Камышаны айылындагы турак үйгө да сокку урушту. Бул тууралуу Херсон облустук администрациясынын Телеграм-каналына жарыялангандай, үч тургун жараат алды.

Эртең мененки саат 8де орус күчтөрү Берислав шаарында гуманитардык жардам таратылчу борборго учкучсуз аппараттан жардыргыч зат таштаган. Мындан эч ким жабыркаган эмес.

Запорожье облусунда 10-августтагы аткылоодон жараат алгандардын саны 19га жетти. Алардын төртөө – балдар. Аткылоодон кийин берилген маалыматта тогуз адам жараат алганы айтылган.

Украинанын Коргоо министрлиги орус күчтөрү аткылаган мейманканада күндүзгү балдар лагери орун алганын тактады. Бирок ал бакча аткылоодон бир саат мурда жабылган болчу.

Буга чейин аткыланган мейманканада жергиликтүүлөргө жардам көрсөткөн БУУнун жана башка гуманитардык уюмдардын кызматкерлери баш калкалап жүргөнү кабарланган. Аймактын Орусия дайындаган башчылары бул жайда украин аскерлери болгонун айтышууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул аткылоолор боюнча комментарий бере элек.

10:26 11.8.2023

Орус армиясы бейшембиде Украинанын Запорожье облусуна ракеталык сокку урду. Бир катар көп кабаттуу имараттар, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары зыян тартты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир киши каза болуп, 11 жаран жараат алганын кабарлашты. Жабыркагандардан бирөө оор абалда.

Запорожье облустук администрациясынын башчысы сокку урулган аймакта аскердик багыттагы эч кандай имарат жок экенин белгиледи.

Жараат алгандар боюнча маалыматты Украинанын президенти Владимир Зеленский да ырастады.

“Шаар күн сайын оккупанттардын аткылоосуна кабылууда. Орусиялык ракета сокку урган жарандык имарат өрттөнүп жатат. Учурда бир киши каза болгону аныкталды. Көңүл айтам. Жараат алгандар бар”, - деп жазды ал.

Аймактын администрациясынын Орусия дайындаган башкы кеңештин мүчөсү Владимир Рогов украин аскерлери жайгашкан мейманкана комплекси аткыланганын билдирди.

Орусия Украинанын аймагына күн сайын ок жаадырууда. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги жарандык объектилерге сокку урганына комментарий берген эмес.

21:13 10.8.2023
Дрон чабуулу: Москвада аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00

21:13 10.8.2023

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводундагы жарылуудан кийин он эки киши дайынсыз болууда. 9-августта болгон жарылууда бир киши мерт кетип, элүүдөн ашуун киши жаракат алды. Алардын бешинин абалы оор.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланып жатканын билдирди.

"База" телеграм-каналы булагын көрсөтпөстөн түнү урандылардын алдынан үч кишинин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Бул маалыматтын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча так белгисиз. Расмий бийликтин өкүлдөрү билдиргендей окуя пиротехника сакталган кампада болгон. 10-июлда Орусиянын Тергөө комитети кампаны ижарага алып иштетекен "Пиро-Росс" компаниясынын техникалык директору кармалып, анын кеңсесинде тинтүү жүргөнүн билдирди. Жарылуу боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдын аты-жөнү так айтылбаганы менен, маалымат каражаттары кеп Сергей Чанкаев тууралуу болуп жатканын жазышууда. Ал 9-августта жарылуу пиротехника сакталган кампада эмес, анын жанында болгонун айткан. Ошондой эле жарылуунун алдында дрондукуна окшош үн укканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG