Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46
Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү "жакшы" деп баалады

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:39 9.12.2023

Украинанын оккупация болгон Мариуполь шаарында орусиялык аскерлер "коргонуучу жайларын жапырт кеңейтүүдө". Бул тууралуу шаардын мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко кабарлап, видео чыгарды.

18:48 9.12.2023

Орусиялык армия Херсон облусундагы Берислав шаарына дрон менен сокку урду. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин аткылоодон бир адам каза таап, дагы бирөө жараат алганын билдирди. Учурда жабыркаган адамга жардам көрсөтүлүүдө.

Украинанын өзгочө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы өткөн суткада Херсон облусуна ар кандай үлгүдөгү 41 снаряд атылганын, жыйынтыгында бир имарат, гараж жана автомобилдер жабыркаганын билдирди.

.

13:56 8.12.2023

Украинанын куралдуу күчтөрү орусиялык беш учкучсуз учакты жок кылганын билдирди

8-декабрга караган түнү Украинанын аймагына орусиялык күчтөр "Шахед" үлгүсүндөгү жети учкучсуз учак жана алты С-300 ракетасы менен чабуул койду.

Бул тууралуу Украинанын аскер-аба күчтөрү билдирди. Дрондор Днепропетровск облусуна, С-300 – Харьков облусуна карай учурулган. Мекеменин маалыматында беш учкучсуз учак жок кылынды.

Аткылоодон Харьковдо эки адам жарадар болгонун аймактык администрация башчысы Олег Синегубов билдирди. Турак үйлөргө, окуу жайларга жана 20 автомобилге зыян келтирилген. Андан тышкары Купянск районундагы Куриловка кыштагы аткылоого кабылып, анын айынан беш кабаттуу үйдө өрт чыкты.

Днепропетровск облусундагы Павлоградск районуна урулган соккудан бир адам каза таап, төртөө жабыркады. Бул тууралуу аймактык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар ооруканага жеткирилди, эки адамдын абалы оор.

12:36 8.12.2023

Орусияда орус жарандыгын жакында алган 350дөй адам армияга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Baza Телеграм-каналы билдирди.

Акыркы кезде полициянын, аскер комиссариатынын жана Тергөө комитетинин кызматчылары кампаларды, курулушту, кеңселерди кыдырып, жапырт "кармоо" ишин баштаганы айтылган. Ага ылайык, жарандык алып, бирок аскердик каттоого турбагандар кармалып, адегенде полиция бөлүмүнө, анан аскер комиссариаттарына жеткирилери маалым болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG