Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:18 24.2.2024

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги соңку эки жылдан бери Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинага тилектештигин билдирди. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчилик тараткан сүрөт.
Элчилик тараткан сүрөт.


"АКШ өз мекени үчүн салгылашып жаткан украин элин колдойт. Орусиянын Украинага толук басып киришине эки жыл толгонуна карата АКШ элчилиги көк жана сары түстөр менен жарыктандырылды",- деп жазылган маалыматта.

Бул иш-чарага АКШ менен Украинанын Кыргызстандагы элчилери Лесли Вигери менен Валерий Жовтенко баштаган адамдар катышты.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет. Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

14:17 24.2.2024

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн кол башчысы Николай Олещук Орусиянын экинчи А-50 үлгүсүндөгү тыңчы учагы Краснодар аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Учактын кыйраганы тууралуу бир катар орусиялык булактар дагы кабарлады. Социалдык тармактарда асмандан атылганы, кыйрап жерге түшкөндөгү өрт чыккан маал тартылды деген видеолор тарады.

"РИА Новости" агенттигине Краснодар аймагынын чукул кызматтарынын өкүлү белгисиз учуучу аппарат кулап түшкөнүн, ал жерде камыш күйүп жатканын билдирди.

Өткөн айда Украина Орусиянын эки учагын - алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынганын билдирген. Киев аны “эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операция” катары сыпаттаган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтткан.

19:40 23.2.2024

Орусиялык аскерлер 23-февралда Украинанын бир нече аймагына 31 жолу "Шахед" дрондору, С-300 зениттик жана башка канаттуу ракеталар менен сокку урду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский эл аралык коомчулукту Орусиянын агрессиясына каршы чогуу күрөшүүгө чакырды. Орус президенти Владимир Путин армиясын курал-жарак менен камсыздоо кыйла жакшыра баштаганын билдирди.

Украин аскерлери Орусиянын түндө Одесса, Николаев, Полтава, Днепропетровск жана Харьков облустарынын аймагына учурган 31 жанкечти дронунун 23үн гана атып түшүргөнүн билдиришти, күндүз бир катар аймактарда абадан эскертүү жаңырып турду.

Донецк облусунун Мирноград шаарында ракеталык чабуулдан 68 жаштагы жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылды, мектептин имараты жана ондогон үй талкаланды.

Украина. 2024-жылдын 23-февралы.
Украина. 2024-жылдын 23-февралы.

Одесса облусунда дрон түшкөн имаратта өрт чыгып, үч киши каза болду.

Днепропетровск облусунда жанкечти дрон көп кабаттуу үйгө тийди, баштапкы маалыматта сегиз киши жараат алганы, дагы бир канчасы уранды астында калганы кабарланды.

"Тогуз кабаттуу үйгө "Шахеддер" менен сокку урушту. Жарылуу болуп, тогузунчу кабатта эки батир, сегизинчи, жетинчи кабаттардагы батирлер да талкаланды. Адамдар уранды астында калды. Куткаруу операциясы жүрүп жатат", - деди Днепр администрациясынын башчысынын орун басары Андрей Кульбач.



Киевдин Москванын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүп жатканына туура эки жыл болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский учурда өлкөсү НАТОнун, АКШнын колдоосуна муктаж экенин өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушуусунда айтты:

"Украина коргоо тармагындагы кызматташтыкка бардык абройлуу өлкөлөрдү жана компанияларды чакырат. Орусиянын глобалдык санкциялардан буйтап кетишине мүмкүнчүлүк бербеш үчүн чогуу иштешибиз керек. Дагы бир аспект – орусиялык активдер. Алар канчалык эрте конфискация болсо, Путин эл аралык укукка каршы агрессиясынын чыныгы баасын тезирээк сезет", - деди украин президенти.

Зеленский быйылкы жыл өзгөчө экенин атап, согушту токтотууга колдон келген бардык аракетти көрүү зарылдыгын белгиледи.

Орусия Украинадагы согушун "атайын аскердик операция" деп атап келет. Өлкө президенти Владимир Путин 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата кайрылуусунда армиясын күч-дарамет, курал-жабдык менен камсыздоо жакшырып жатканын айтты:

“Соңку жылдары коргоо тармагындагы ишканалардын эң зарыл курал-жаракты өндүрүү көлөмү бир нече эсе көбөйдү. Биринчи кезекте жогорку тактыктагы курал-жарактын, учкучсуз учактардын, танктардын, брондолгон техниканын, артиллериянын, абадан коргонуу системасынын түрлөрү жана байланыш, чалгын каражаттары", - деди Путин.

Ал арада АКШ Орусияга каршы санкцияларын дагы күчөтөрүн жарыялады. Кеп “жүздөгөн жаңы санкциялар” тууралуу болуп жатканын Кошмо Штаттардын мамлекетик катчысынын орун басары Виктория Нуланд билдирди.

Ал эми Европа Биримдиги согуштун эки жылдыгына карата дагы 106 орусиялыкка жана 88 ишкана-мекемеге каршы санкция салганын, ушуну менен Орусия боюнча тизме 2 миңге чукулдарын жума күнү жарыялады.

“Биз Орусиянын аскердик машинасын токтотуп, Украинага өзүн, көз карандысыздыгын, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча мыйзамдуу күрөшүнө жардам берүү үчүн чечкиндүү чечим кабыл алууда биримдигибизди сактайбыз”,- деди шаркеттин башкы дипломаты Жозеп Боррел.

Жаңы санкциялар 24-февралда киргизилери айтылды. Эки жыл мурда бул күнү Орусия Украинага согуш ачып, бастырып кирген.

Украина: Орусиянын дрон, ракета чабуулу уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

16:02 22.2.2024

Украинанын Куралдуу күчтөрү шаршембиде Херсон облусунун Орусия оккупациялаган бөлүгүндө орус аскерлери машыгуу өткөрүп жаткан полигонго сокку урулганын ырастады.

Украин армиясынын өкүлү Наталья Гуменюктун айтымында, орус аскерлери полигондо Днепрдин сол жээгиндеги Крынки кыштагына чабуул коюуга даярданып жаткан. Ал айылда украин армиясынын плацдармы жайгашкан.

Маалыматка караганда, соккулардын натыйжасында кеминде 60 орус аскери набыт болду.

Согуштук аракеттердин шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча текшерүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, бир күн мурда украиналык OSINT долбоору да, орусиялык согуш блогерлери да полигонго сокку урулганын жана оор жоготуулар болгонун кабарлашкан. Соккулар урулган жер делген видео да жарыяланды.

Болжол менен HIMARS системасы колдонулган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуяны комментарийлеген жок.

Ал эми 20-февралда Донецк облусунун убактылуу оккупацияланган районундагы полигонго урулган соккудан, “Важные истории” басылмасы жазгандай, бери дегенде 68 орусиялык аскер окко учту. Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу маалымдаган жок.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG