Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:49
Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украина-АКШ-Орусия сүйлөшүүсү Абу-Дабиде өтөрү айтылды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:19 25.2.2026

Орусияда жана орус армиясы басып алган украин аймактарында кеминде 4029 адам согушка байланыштуу саясий негиздеги кылмыштарга айыпталганын "Поддержка политзеков. Мемориал" долбоору эсептеп чыкты.

Укук коргоочулар белгилегендей, 1614 адам – Орусиянын, 1277 – Украинанын жарандары, 121 адам Украина жана Орусиянын жарандыгына ээ, дагы 47 адам башка өлкөлөрдүн жарандары.

1277 украиндин 726сы аскер кызматкери. 2022-жылдан бери кеминде 39 украин өмүр бою эркиндигинен ажыратылганын "Мемориал" жазды.

Ушул тапта 3059 адам жабык жайларда кармалып турат. Орусиянын соттору бул иштер боюнча бир дагы актоо чечимин чыгарган эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский беларустун "Зеркало" басылмасына курган маегинде Орусиянын абактарында 7 миңдей украин бар экенин билдирген.

"Алар украиндерге башка өлкөлүк саясий туткундарга караганда катаал мамиле кылышат", – деди Зеленский.

5-февралда Орусия менен Украина согуш туткундарын 157/157 форматында алмашкан. Зеленский анын ичинен жетөө жай тургун, калганы аскер кызматкерлери экенин кошумчалады. Туткундардын эң жашы 23 жашта, ал туткунга 19 жашында, Маруиполду коргоп жатып түшкөн. Орусиялык сот аны өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.

12:19 25.2.2026

Орусиянын чалгын кызматтары Батыш өлкөлөрүндөгү жайкы үйлөрдү, дачаларды, кампаларды, ташталган мектептерди, батирлерди жана ал тургай аралдарды координацияланган байкоо, диверсия жана жашыруун чабуулдар үчүн колдонуу ниетинде сатып алып жатышканын британиялык The Telegraph гезити үч европалык учурдагы жана мурдагы контрчалгындоо офицерлерине шилтеме кылып жазды.

Диверсия жана тыңчылык үчүн алынган кыймылсыз мүлк Улуу Британия, Швеция, Норвегия, Финляндия, Италия, Греция, Франция жана Швейцарияда аныкталган.

Британ басылмасынын булактары кээ бир мүлк курал-жарак, жардыргыч заттарды жана дрондорду сактоо үчүн колдонуларын, аларды жашыруун агенттер көзөмөлдөрүн айтып беришкен.

Атап айтканда, Улуу Британияда орус бийлиги Шотландиянын батышындагы Трайдент суу астында жүрүүчү базасынан алыс эмес жердеги же Шетланд аралдарындагы суу астында жүрүүчү кабелдер чыгуучу жер көрүнүп турган мүлктөрдү сатып алган болушу мүмкүн. Ал эми Кипрде алар британиялык Акротири аба базасынын айланасындагы үйлөрдү сатып алган болушу мүмкүн. Норвегияда Кремлге байланышы бар адамдар Арктикадагы аскердик объектилердин жанындагы үйлөргө ээ болушкан.

Швецияда 2023-жылы стратегиялык маанилүү аэропорттун жанына православ чиркөөсү курулган, кийинчерээк чиркөөнү швед чалгын кызматы тыңчылык үчүн аянтча деп сыпаттаган, чиркөөнү башкарган поп Орусиянын жарандык чалгын кызматынын медалын алган.

Швейцарияда, чалгын агенттеринин сөзүнө караганда, орусиялык атайын кызматтар Солсберидеги уулануу фактысын иликтеген Федералдык химиялык коргоо институтунун жанындагы мүлктү пайдаланышкан.

Мындай стратегияны Кытай, мурунку убакта Советтер Союзунун чалгын кызматтары колдонуп келишкен.

Хельсинкиде чалгын кызматтары тыңчылык жүргүзүү, компромат табуу жана курал-жарак кампасы үчүн көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге ээлик кылышканын "Настоящее Время" долбоору жазды.

Финляндияда өлкөнүн деңиз командачылыгы жайгашкан Архипелаг деңизинде (Балтика деңизинин Ботния булуңу менен Финляндия булуңунун ортосундагы бөлүгү) 17 мүлктү сатып алган Airiston Helmi компаниясынын жетекчилигине каршы кылмыш иши козголду. 2025-жылы компаниянын ээси Павел Мельников алдамчылык үчүн шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган.

12:18 25.2.2026

Орусияда Украинага каршы согушка жалдагандарга келишим түзүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмеси берилди. Мындай маалыматты тиешелүү чаттардагы материалдарды анализдеп чыккандан кийин «Важные истории» басылмасы чыгарды.

Иликтөөчүлөр январдан бери армия менен келишимге кол коюуну каалагандарды жалдоо менен алектенген агенттиктер арасында болжол менен 36 мамлекет камтылган тизмени тарата башташканын аныкташты. Ага негизинен африкалык, араб жана башка «дос мамлекеттер» кирген. Арасында Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Түркия, Куба, Ооганстан, Иран жана Венесуэланы көрүүгө болот.

Мындай чектөөнү киргизүү чечимин ким жана кандай негизде кабыл алганы белгисиз. Бирок журналисттер бир катар өлкөлөр Москвага өз жарандарын жалдоону токтотуу талабын коюп, бул багытта дипломатиялык аракеттер көрүлгөнүн белгилешет.

Алсак, 2024-жылдан бери Непал, Индия, Шри-Ланка жана Иордания ошондой кайрылуу жасагандан кийин жогорудагы тизмеге киргизилген.

Тизмедеги Кениядан бир миңден көп киши орус армиясына кошулганы ал өлкөнүн жана эл аралык медианын көңүлүн бурган.

Орусиянын бийлиги сөз болгон «кара тизме» тууралуу комментарий бере элек.

Украиналык "Хочу жить" долбоору былтыркы күздө жарыялаган маалыматка караганда, Орусия 10 миңден көп чет өлкөлүктү согушка жалдаган. Эң көбү Тажикстан, Беларус, Казакстанга туура келет. Тизмеде 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.

12:18 25.2.2026

Орусия Украинага кол салган төрт жылдан бери орусиялык 200 миң 186 аскер набыт болду. Мындай тыянакка ачык булактардан алынган эсептөөлөрүнө таянып Би-Би-Синин орус кызматы, «Медиазона» жана ыктыярчылардын тобу келди. Алардын айтымында, каза тапкандардын 57% армияга мобилизация болгондор, өз каалоосу менен кеткендер жана абактардан согушка айдалгандар, башкача айтканда уруш башталганда куралдуу күчтөр менен байланышы болбогон кишилер түзөт.

Эң көп жооготууга Башкырстан туш болгону аныкталган. Бүгүнкү күнгө карай ал жактан чыккан 9 миң 331 кишинин өлүмү бышыкталды.

Акыркы бир айда бул тизмеге 35 миң киши кошулган. Журналисттер мурда мынча көп өлүм бир айда катталбаганын белгилешет.

Долбоордун авторлору өз иликтөөсүндө некрологдорду, дайынсыз жоголгондорду издеген жарыяларды, мурастоо иштеринин базасын колдонушат.

Алар 2025-жыл дипломатиялык аракеттерге карабастан орус армиясы үчүн эң кандуу болуп калышы мүмкүн деп болжолдошот.

Европа саясаты борборунун кызматкери Александр Коляндрдын пикиринде, экономиканын жана маяналардын өсүү темпи жайлаган сайын келишимге кол коюп согушка кеткендердин саны көбөйө берет.

Журналисттердин анализине ылайык, келишимдерге негизинен жумуш орундары тартыш болгон жана жергиликтүү бийлик согушка активдүү үгүттөгөн чакан шаар-кыштактардын жашоочулары кол коюшат.

Орусияда түрмөдө отурган жеринен же ал өлкөнүн паспортун, чоң акча берүү убадасына азгырылып, согушка кеткендердин арасында кыргызстандыктар да бар. Канчасы майданда каза тапканы же дайынсыз жоголгону белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG