Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.

Түз ободо Харьков авиабомба жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:16 30.6.2026
Орусияга дрон чабуулу: Аэропорттордун иши убактылуу токтоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00
19:05 30.6.2026

Орусия башка өлкөлөрдөн мунай продукциясын ташып келүү ыктымалдыгын талкуулап жатат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тараптар баа боюнча мунасага келсе, Москва чет жактардан күйүүчү май импорттоого даяр деп билдирди.

Бирок кеп кайсы өлкөлөр тууралуу жүргөнү айтылган жок.

«Муну менен рынокту турукташтырууга жана ажиотаж болуп аткан талапты жөнгө салууга дагы бир кадам жасайбыз», - деп айтты Песков.

24-июнда Рейтер агенттиги булактарына таянып, Орусия Казакстандан 50 миң тоннага жакын АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазган.

Казакстандын бийлиги ошондо мындай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий четке каккан.

Өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов 26-июнда Москвадан күйүүчү май жеткирүү боюнча расмий кайрылуу түшпөгөнүн, андай өтүнүч түшсө, өкмөт аны караштырарын айтты.

Агенттиктин маалыматына ылайык, быйыл Орусияда бензин өндүрүшү былтыркыга салыштырмалуу болжол менен 25% азайды.

Украина өз аймагын күн сайын аткылаган орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган энергетикалык комплекстерди бутага алып келатат.

Соңку соккулардан улам Орусияда бензин менен дизел тартыш болгону кабарланууда. Москва күйүүчү майдын экспортун чектеди жана кара майды импорттоону караштырууда.

15:29 30.6.2026

Москва жана Подмосковьенин бийликтери өткөн түнү украин дрондору жапырт чабуул койгонун билдиришти. Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында, 56 дрон атып түшүрүлгөн жана зыянсыздандырылган.

Собяниндин билдиришинче, дрондун сыныктары кулаган жерде чукул кызматтар иштеп жатат. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Росавиациянын маалыматында, Домодедово жана Жуковский аэропортторунун ишине чектөөлөр кирди. Украинанын Exilenova+ мониторинг каналы жергиликтүү тургундарга таянып Подмосковьедеги Дубнеде жарылуулар болгонун билдирди.


09:35 30.6.2026

Орус армиясынын ракета жана дрондор менен урган соңку соккуларынан Украинада кеминде 11 жай тургун каза болуп, дагы 40 адам жараат алды.

Бул тууралуу Украинанын президентиВладимир Зеленский билдирди. Ал чабуулду "үрөй учурган сокку" деп мүнөздөдү.

Зеленскийдин айтымында, орус армиясынын ракеталык соккусу Днепр шаарында беш адамдын өмүрүн алып, 29 кишини жарадар кылган.

Ошондой эле орус күчтөрүнүн дрону Запорожье шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобуска тийип, үч адам набыт болгон.

Сумы облусунда дрондордун чабуулунан 69 жаштагы аял жана 77 жаштагы эркек каза болгонун Украинанын Улуттук полициясы билдирди.

Ал эми Харьковдун мэри Игорь Терехов күндүзгү соккусунан бир адам каза болуп, дагы беш киши жаракат алганын маалымдады.

Украинанын бийлиги билдиргендей, адам өмүрүн алган чабуулдар өлкөнүн дагы кеминде алты аймагында катталган. Алар боюнча кошумча маалымат азырынча бериле элек.

Орусиянын бийлиги 29-июндагы соккулар тууралуу эч кандай билдирүү жасаган жок. Адатта Москва бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, карапайым тургундар жашаган райондорго сокку урганын четке кагып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG