Румыниянын Аскер-аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учагы өлкөнүн аба мейкиндигинде дагы бир дронду атып түшүрдү. Бул бир жуманын ичинде жок кылынган үчүнчү дрон. Окуя Одессага жакын Сулина-Килия аймагындагы Румыниянын аймактык сууларынын үстүндө болду. Бул тууралуу Румыниянын президенти Никушор Дан X социалдык тармагына жазды. Ал Румыниянын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жаткан иликтөөгө ылайык, 24-июлда эртең менен атып түшүрүлгөн дронду Орусия Украинага каршы согушта колдонорун жазды. Бул маалыматтар Орусияга жөнөтүлө турган дипломатиялык нотанын негизин түзөт.
"Орусия Федерациясынын Румыниянын, ошол эле кезде НАТО менен Европа Биримдигинин да аба мейкиндигин бузууну улантышы жол берилгис жана мындай көрүнүшкө чыдоого болбойт. Мындай аракеттер кабыл алынгыс жана биз өнөктөштөрүбүз менен бирге муну өтө олуттуу кабыл алабыз", - деп жазды президент Дан.
Мурдараак өлкө башчысы 25-июлда эртең менен Сфынту-Георге шаарынан батышты көздөй ондогон чакырым алыста экинчи дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлаган.
Бул окуядан кийин, 26-июлда Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчисин чакырган.
26-июлда Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье облусун төрт авиабомба менен аткылады.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдиргендей, май куюучу станциялар, сокку тийген жерге жакын жайгашкан имараттар, окуу жайына зыян келтирилип, автоунаа өрттөнүп кетти.
Украинанын Улуттук полициясынын маалыматына караганда, бир киши каза таап, алтоо жараат алды.
Кечээ орус армиясы Запорожьеге үч авиабомба менен сокку уруп, бир киши каза тапкан. Жараат алган 11 кишинин үчөө балдар экени кабарланган.
Запорожье дээрлик күн сайын авиабомба менен соккуга кабылып келет.
20-июлда орусиялык авиабомба беш кабаттуу турак жайга тийгенде он бир жашар кыздын өмүрүн алган.
Кийинки күнү көп кабаттуу үй соккуга кабылып, үч киши каза болгон.
Орусиянын армиясы 26-июлга караган түнү Украинанын аймагына сокку урду.
Башкалаа Киевдин Шевченков, Соломенск, Деснянск райондору бутага алынганын шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Шевченков районунда дрондун калдыктары 18 кабаттуу үйгө кулап, 7-8-кабаттарында өрт чыкты. Соломенск районунда дрон сыныктарынан ээн курулушта, Деснянск районунда автоунаалар менен машине токтотуучу жайда өрт чыкты. Үч киши жабыркады. Бири ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук жардам алып чыкты.
Харьковдун мэри Игорь Терехов дрон соккусунан бир киши каза тапканын, жаракат алган алты кишинин экөө балдар экенин билдирди.
Кривой Рогдо учкучсуз учактын чабуулунан курулуш гипермаркетин өрт чалды.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, түнү орус армиясы башкарылуучу авиациялык Х-59/69 ракетасын, жети баллистикалык "Искандер-М"/С-400 ракетасын, 100дөн ашуун дрон колдонду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Киевде дрон чыгарган, чогултулган жана сакталган ишкана бутага алынганын жарыялады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын лидери Владимир Путин менен Омскиде өткөн жолугушуусунда Украинадагы жаңжалды токтотууну сунуштады.
"Баарын токтотуш керек. Менин көз карашымда болуп жаткандар Орусияда да, Украинада да каршылаштар пайдасына иштеп, табасын кандырып жатат", - деди Токаев "Интерфакс" агенттигине.
Токаев Стамбул келишимине кайтууну сунуштап, ошол эле учурда Украина менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуудан баш тартты.
"Биз украин элине дайыма урмат-сый менен мамиле кылып келгенбиз. Жаңжалдын табияты көптөр үчүн анын арасында бизге да түшүнүксүз. Мен Аляскада дипломатиялык ийкемдүүлүктү көрсөткөнүңүздү билем. Бул менин жупуну пикирим. Балким, жаңжалды тоңдуруп, "Стамбул макулдашуулары 2.0" форматына кайтуу керектир. Албетте, АКШ баштаган чоң мамлекеттердин кепилдиги астында. Мен ортомчу болуудан баш тартам", - деди Токаев.
Путин буга жооп катары Токаевге "украин багытындагы иштерден кабардар кылууга" убада берди.
Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин 25-июлда Омск шаарына Аймактар аралык кызматташтык форумуна катышуу үчүн келишти. Пленардык жыйын алдында мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Украинадагы жаңжалды тоңдуруу сунушу буга чейин да бир нече ирет айтылган. Британия, Франция жана Германия лидерлери Украинадагы жаңжалды тоңдуруп, тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүүнү сунушташкан.
Путин Орусия өз кызыкчылыктарын эске алуу менен согушту тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр экенин бир нече жолу билдирген. Президент тынчтыктын шарттары катары украин аскерлерин "ДЭР", "ЛЭР", Запорожье жана Херсон облустарынан чыгарууну, Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусун жана Орусияга каршы санкцияларды жоюуну атаган.
Бирок президент Владимир Зеленский Украинадагы согушту "тоңдурууга" каршы чыккан. Ал 2024-жылы Франциянын Улуттук ассамблеясынын алдында сүйлөгөн сөзүндө бул согуштук аракеттердеги убактылуу гана тыныгуу болорун жана Орусиянын Украинага каршы "агрессиясын" токтотпой турганын билдирген.