Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Иран өзөктүк программа боюнча ыкчам чечим кабыл алууга чакырды


Али Багери Кани.
Али Багери Кани.

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани Батышты ыкчам чечим кабыл алууга үндөдү.

“Мааранын алдында турганыбыз ага сөзсүз жетебиз дегенге кепилдик болуп бербейт. Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн өзгөчө кылдаттык, чоң тырышчаактык, кошумча чыгармачылык жана салмакталган аракет керек”,-деп жазды ал 24-февралда "Твиттердеги" баракчасында.

Венадагы сүйлөшүүлөр он ай мурда башталган. Мурдараак Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Мында Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болуп жатат.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG