Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Киевдин метросу ишин токтотту


Киевдин метросу.
Киевдин метросу.

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын аскерлери Киевдин оң жээгинен сол жээгин жарып өтүүгө аракет кылып жатканын кабарлады.

Киевдеги метро токтоп, азыркы тапта эл жашынууга гана колдонулуп жатат.
Вышгород районунан Киевди көздөй Орусиянын чопкутталган 100 техникасы бара жатканын "Униан" агенттиги кабарлаган.

Согуш техникасына ак түстөгү V тамгасы жазылып, аскерлердин жеңине ак скотч жабыштырылган.

Бүгүн, 26-февралда Киевдеги ракеталык чабуулдан көп кабаттуу турак үй жараксыз болуп калды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада гуманитардык көйгөй курчуп, качкындар 100 миңден ашканын Твиттерге жазды.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. 26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты. Москва бул боюнча маалымат бере элек.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG