Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Житомир шаарында орус күчтөрүнүн аткылоосунан 2 киши мерт болду


Житомир шаарындагы сокку урулган аймак, 1-март 2022-жыл.
Житомир шаарындагы сокку урулган аймак, 1-март 2022-жыл.

Украинанын түндүк-батышындагы Житомир шаарында орус күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан кеминде 2 киши курман болуп, дагы үч жаран жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери кабарлашты.

“1-мартта 22:16 чамасында аба соккусу 10 жеке менчик турак-жайга зыян алып келди (үч үйдү өрт чулгады) жана шаардын ооруканасынын терезелери талкаланды. Эки киши мерт болуп, үчөө жараланды. Үйлөрдүн урандыларынын алдында адамдар болушу мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, сокку урулган аймакта куткаруучулар иштеп жатат жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат топтолууда.

2-мартка караган түнү Украинанын Киев, Харьков жана Херсон шаарларында да чабуулдар уланганы кабарланды.

1-мартта күндүз орус армиясы Киевдеги телемунарага сокку урган. Андан кеминде беш жайкын тургун каза тапканы белгилүү болду.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын да бомбалады. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG