Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

Стамбулда кыргызстандык келин киши колдуу болду


Иллюстрациялык сүрөт.

3-мартта түркиялык "Демирөрен" кабар агенттиги кыргызстандык келинди чогуу жашаган түркмөнстандык мууздап кеткени тууралуу маалымат таратты. Анда Стамбул шаарынын Үмрание районунда жашаган кыргыз келин каргашалуу окуя болгонго чейин шектүүгө каршы бир канча жолу полицияга арыз менен кайрылганы, ал тергөө абагынан чыккан кийин мыкаачылык менен өлтүргөнү жазылат.

Шектүү кармалып, ага "атайлап киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматты Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" ырастап, маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Түркияда кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин катталган. 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан. Былтыр октябрда Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн. Быйыл 17-январда кыргыз келинди өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн түрк жаранына кылмыш иши козголгон. 2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика эс-учун жоготуп, катуу сабалган абалда табылып, бир нече жолу башынан операция болгон.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун Кыргызстандын жараны каттоодон өткөн. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 аял киши колдуу болгон. 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG