Кыргызгидромет борбору 7-марттан 9-мартка чейин күн ысышына жана жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти. Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Алабел ашууларында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш, Каракол- Эңилчек, Казарман-Актал-Чат жолдорунда айдоочулардан этияттык талап кылынат.
7-мартта дээрлик бардык облустарда жаан жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат, кээде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 7...12,
Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 9..14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,
Нарын жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -2...-7°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 8…10°.