Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды


Эл аралык кылмыш соту. Гаага
Эл аралык кылмыш соту. Гаага

Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароого киришти.

Украина Орусиянын 24-февралда баштаган согуштук аракеттерин дароо токтоттурууну көздөйт.

Киев президент Владимир Путиндин согушту ачуу шылтоосун четке кагууда. Кремль “Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга, жайкын тургундарга каршы бир топ кандуу кылмыштардын алдын алууга” аракет көрүлөрүн билдирген.

Соттун төрагасы, америкалык судья Жоан Донахью Орусия ооз эки териштирүүгө катышпайт деп, трибуналды кабардар кылганын билдирди. Угуулар эки күнгө созулары күтүлүүдө.

Эл аралык укук боюнча эксперттердин айтымында, сот Украинанын өтүнүчүн канааттандырса да, Москванын кол салууну токтотушу күмөн.

Согуш башталгандан бери жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду, шаар-кыштактар аткыланып, бомбаланды. Бир жарым миллиондой укрианалык качкынга айланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG