Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Улуттук банк "рубль жүгүртүүгө чыгарылды" деген маалыматты төгүндөдү


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк Кыргызстанда орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылганы тууралуу маалыматты төгүндөп, жалпыга маалымдоо каражаттарын коомчулукту адаштырбоого чакырды.

Улуттук банк сом өлкө боюнча жападан жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты экенин эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр өлкөнүн улуттук валютасында (сом) жүргүзүлө турганы белгиленген.

"Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. Кыргызстандын мыйзамдарында өлкө аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасы менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин кыргызстандык басылмалардын бири 1-июлдан тарта орус рубли Беларус менен Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө киргизиле турганын билдирген. Маалымат булагы катары орусиялык Телеграм-каналдары аталган. Анда "валюталык биримдикти түзүүнү тездетүү боюнча чечимдер даярдалганы" айтылган.

Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысы Максим Решетников Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр бирдиктүү рубль мейкиндигин түзө баштаганын билдирген. Ал рублдик аймакты түзүү процесси ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда бажы кирешелерин рубль менен бөлүштүрүүдөн башталганын айткан.

Орусиялык министрдин билдирүүсү ЕАЭБ өлкөлөрүндө түрдүү пикирлерди жаратты.

Буга алгач Казакстан эң катуу реакция жасады – Решетниковдун билдирүүсүнөн бир нече сааттан кийин республиканын өкмөтү бажы төлөмдөрүн рубль менен бөлүү жөнүндө гана, ал эми санкциялардан улам төлөмдөрдү доллар менен жүргүзө албаган Орусия менен Беларус үчүн гана болгондугу тууралуу түшүндүрмө жарыялады. ЕАЭБдин калган өлкөлөрү өз үлүшүн доллар менен алууну улантат.

XS
SM
MD
LG