Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Гурбангулы Бердымухамедов эмгек өргүүсүнө чыгат


Түркмөнстанды көп жыл башкарган Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар 19-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен.
Түркмөнстанды көп жыл башкарган Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар 19-мартта ант берип, президенттик кызматка киришкен.

Түркмөнстандын мурдагы президенти, Элдик жыйындын (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов 1-апрелден тартып эмгек өргүүсүнө чыгат. Бул тууралуу “Түркмөнстан бүгүн” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. Анда экс-президент жаңыдан мамлекет башчы болуп шайланган уулу Сердарга 25-мартта өкмөттүн жыйынында эмгек өргүүсүнө чыгуу өтүнүчү менен кайрылганы, ал канааттандырылганы айтылат.

“Өзүңөр билгендей, мен 40 жылдан жетекчилик кызматтарда иштеп келем, 25 жылдан бери саясатта жүрөм. Иштин көптүгүнөн бул убакыт аралыгында толук эс алган эмесмин”,- деген мурдагы президент өкмөттүн жыйынында.

Элдик жыйындын төрагасынын эмгек өргүүсү качан аяктары маалымдалган жок.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов февраль айында күтүүсүздөн бийликти "жаштарга тапшырууга" даяр экенин билдирген жана андан көп өтпөй мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган. Президенттик шайлоо 12-мартта өтүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу добуштарды 73% алып, жеңүүчү деп табылган. Анын ант берүү аземи 19-мартта өткөн.

Түркмөн оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар шайлоодо демократиялык стандарттар сакталбаганын, бюллетендерди топ-тобу менен салуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Ошондой эле бул шайлоого катышкан калган сегиз талапкерлердин арасында бийликке ачык сын айткандар болгон эмес.

Түркмөнстан дүйнөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери эң көп чектелген, авторитардык башкаруу өкүм сүргөн мамлекет катары мүнөздөлүп келет. Freedom House уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын талдаган баяндамасында Түркмөнстан эң акыркы саптан орун алган. 30 жылдан ашык убакыттын ичинде бул өлкөдө өткөн бир дагы шайлоону эл аралык байкоочулар эркин деп тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG