Токмок шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган адамды 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу кыздын адвокаты Есения Рамазанова билдирди.
"2021-жылы июнда тогуз жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган. Шектүү башында күнөөсүн мойнуна алып, кийин көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Бирок сот дайындаган экспертиза зордуктоого аракет болгонун ырастаган", - деди адвокат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен. “Жашы жете электерге карата зомбулук аракеттер” беренеси боюнча 54 факты катталган.