Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Тарапташтары Атамбаевдин ден соолугуна көңүл бурулбай жатканын билдиришти


Атамбаев жана ал бийликте турган президенттик администрацияны жетектеген Фарид Ниязов сотто. 4-апрель, 2022-жыл.
Атамбаев жана ал бийликте турган президенттик администрацияны жетектеген Фарид Ниязов сотто. 4-апрель, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде Октябрь окуялары боюнча ишти кароону улантты. Бул ирет да айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мажбурлап алып келинди.

Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Атамбаевдин абалы начарлаганын жубайы Раиса Атамбаева байкап, "Тез жардам" чакыртылды.

Султанбеков Жаза аткаруу кызматы “Тез жардамды” күтпөй эле Атамбаевди кайра абакка алып кеткенин кошумчалады.

“Кечээги отурумда дагы Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, кыйналып жаткан учурда дарыгерлер чакыртылган. Алар Улуттук кардиология борборуна жаткырыш керектигин айтканы менен Жаза аткаруу кызматы аны колонияга алып кеткен. Бүгүн да Атамбаев кыйналып чыкканда "Тез жардам" чакырттык, бирок аны колонияга алып кетип калышты”,- деди Султанбеков.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылгандарга комментарий бере элек.

Буга чейин Атамбаев өзүн сотко фельдшер коштоп барсын деген өтүнүчү аткарылбаганын айткан.

Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев бир нече айып менен 2019-жылдан бери камакта отурат. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG