Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болду


Өкмөт үйү. 31-март, 2022-жыл.
Өкмөт үйү. 31-март, 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларын өзгөрткөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Өкмөт мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга бир булактан сатып алууга жол берип, тендер өткөрүүдөн бошото турган болду.

Жөнөкөйлөшкөн эрежелер

Жогорку Кеңеш "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамга он экинчи жолу өзгөртүүлөрдү киргизип, анын жаңы редакциясында мамлекеттик сатып алуулардын жаңы тартиби менен ыкмалары боюнча ченемдерди бекитти. Ага ылайык, ыкчам жана сапаттуу алды-сатты жүргүзүү үчүн эрежелер жөнөкөйлөштүрүлдү.

Финансы министринин орун басары Улугбек Календеров анын мазмунун кыскача баяндады:

"Мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаны киргизүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана коррупцияны минималдаштыруу максатында иштелип чыкты. Ал ресурстарды жана убакытты үнөмдүү пайдалануу аркылуу максималдуу пайдага жетүү үчүн мамлекеттик сатып алууларды камсыздоого багытталган".

Татаалдашкан тартип

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов мыйзамдын
жаңы редакциясында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби
жана жаңы эрежелер бир топ татаалдашып калганын билдирди. Анын айтымында,
долбоордо эки ача түшүнүктөр менен айрым так эместиктер байкалды:

"Мен бул мыйзам долбоорунан мамлекеттик сатып алууларды жөнөкөйлөштүргөнүңөрдү көрбөй жатам. Азыр иштеп жаткан мыйзамда 5 млн. сомго чейин тендерсиз түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Себеби бир катар талаптарды тез арада аткаруу бир катар мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары үчүн кыйынчылык туудурат. Ошондуктан бюджеттин негизинде түз сатып алуулардын так өлчөмү көрсөтүлгөн. Азыркы редакциясында андай ченем жок. Конкреттүү ченем болбосо, кайра эле аларды мыйзам бузуу издеген прокуратура басат. Бул жерде кайра татаалдашып кетип жатат".

Мыйзам мамлекеттик үлүшү элүү пайыздан ашкан ишканаларды сатып алуулар үчүн тендер өткөрүүдөн бошотот. Буга чейин 70-80 млрд. сомдук мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп келген. Тизменин кыскарышы менен анын көлөмү жарымына жакын азая турган болду.

Көмүскө коррупцияны күчөтүүгө өбөлгө

Депутат Дастан Бекешов тендерден баш тартуу коррупцияны күчөтөрүн
белгиледи:

"Мамлекеттик компаниялар жең ичинен тууган-уругу же тааныштары менен алды-сатты жасап, жабык түрдө келишимдерди түзө башташат. Керек болсо, биз алар кимдер менен кандай бүтүм түзүм, эмне сатып алып жатканын билбей калабыз. Мисалы, "Кыргыз темир жолу" менен "Манас аэропорту" сыяктуу мамлекеттик ири компанияларга ушундай уруксат берсек, анда аларга табылбай эле калат. Алар жыл сайын бир жерде 3-4 жолу оңдоо иштерин жүргүзүп, мамлекеттик каражатты уурдап, коррупция кайрадан күчөйт. Биз буга жол бербешибиз зарыл. Эгерде тендер жарыяланбаса, "Кыргыз темир жолундагы" ири коррупциялык иштер тууралуу иликтөө жүрмөк эмес. Ошондуктан алардын алды-саттысы тууралуу маалыматтар ачык жарыяланышы шарт".

"Тендерлерге тескери пикир көп"

Бирок депутатын бул сунушу добуш берүүдөн өткөн жок. Башка бир депутаттар тендер ыкмасынын кесепеттерин айтып, анын жоюлушун жакташты. Депутат Камила Талиева тендерлер текшерүүчү органдардын гана колун узартып, кошкабат коррупцияга өбөлгө түзгөнүн айтты:

"Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун абдан кынтыксыз иштеп чыгуу керек. Жылчык калтырган ченемдер болбосун. Буга чейин кабыл алынган мыйзамдардын бардыгы ошондой болду. Ошолордун айынан сатып алууларда коррупциялык иштер болуп, канчалаган кылмыш иштери козголуп, бир канча мамлекеттик кызматкер камалды. Ошондуктан тендердин кесепеттерин жоюп, башка бир жаңы тартип киргизилгени оң. Тендер өткөрүүнүн өзү толтура кыңыр иштерге байланыштуу болуп калды. Мына ошол тендерлердин айынан айыл аймактары менен райондук акимчиликтер тынч эмес".

Сапат менен бааны шайкеш келтирүү аракети

Ал эми финансы министринин орун басары Улугбек Календеров мыйзамда
мамлекеттик сатып алуулар баа менен сапаттын шайкештигине басым
жасалганын белгиледи:

"Чексиз соода деген ыкма боюнча сатып алуу эки этап менен өтөт. Биринчисинде квалификациялык талаптар жана техникалык шарттар болсо, экинчисинде баалар сунушталат. Биринчисинде товардын сапаты аныкталса, андан кийин гана анын сунуштаган баасы бекитилет. Ошондо сатып алынган товардын сапатынын төмөндүгү же баалардын эмнеге жогору болгону боюнча маселе жаралбайт".

Тандалма шарт

Ошондой эле мыйзам электрондук сатып алууларга өтүү менен түз жана бир булактан алууга жол ачат. Бирок мындай шарт бардык мамлекеттик
мекемелерге эле берилген эмес.

Депутат Эмил Токтошевдин айтымында, мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек.

"Мыйзам бардыгына бирдей болууга тийиш. Президенттик администрация
болобу, Жогорку Кеңешпи же өкмөтпү же башка мамлекеттик органдар
болобу, бардыгына бирдей мыйзамдуу талаптар болушу шарт. Бул жерде бир
гана өзгөчө кырдаалдар үчүн бир булактан түз сатып алууга
уруксат берүү өзүн актайт. Анткени бул тармакта мамлекеттик сатып
алууларды өз убагында жүргүзүү абдан маанилүү".

"Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүүлөр 2-3-окуудан
көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Президент ага кол койсо, мамлекеттик сатып алуулар эми жаңы тартип менен жүргүзүлө баштайт.

2021-жылы 29-июлда бул мыйзамга өзгөртүү киргизилип, мамлекеттик мекемелерге 5 миллион сомго чейинки каражатты түз колдонууга уруксат берилген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG