Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

ЕБ дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел.

Евробиримдик Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу дүйнө азык-түлүк кризисине кабылышы ыктымал экенин эскертти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел буга айыл-чарбага негизиделген украин экономикасынын төмөндөшү түрткү болорун айтты.

Ал 11-апрелде билдиргендей, Орусиянын армиясы украин шаарларын бомбалап, портторду блоктоп салган үчүн буудай ташыган кемелер чыга албай турушат.

Буга чейин Дүйнөлүк банк 10-апрелде жарыялаган баяндамасында, Украина экономикасы быйыл 45% кыскарарын билдирген. Ошондой эле Орусиянын экономикасы Батыш санкцияларынан улам 11% төмөндөй турганы белгиленген.

"Согуш Украина экономикасына жана Европа менен Борбор Азиядагы өнүгүп бараткан мамлекеттерге олуттуу таасирин тийгизип жатат. Баарынан да жакыр жана аярлуу өлкөлөр жабыркайт",- деди Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде.

Документте дүйнөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы беш пайызга кыскарып, инфляция 15% жогорулашы мүмкүн экени жазылган.

Ошондой эле Орусияга салынган санкциялардан улам ал жактагы мигранттар которгон каражаттын кыскарышы ыктымал экени белгиленген. Азык-түлүккө болгон баанын көтөрүлүшү, жумуш орундарынын аздыгы 2022-жылы жакырчылыкты күчөтүшү боолголонгон.

Ошол эле маалда өкмөттүн пенсия менен мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүү сыяктуу антикризистик чаралары кырдаалдан жумшак өтүп кетүүгө өбөлгө түзөрү жазылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG