Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

Публицист Баратбай Аракеев дүйнөдөн кайтты


Маркум Баратбай Аракеев.

Белгилүү журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Баратбай Аракеев 11-апрелде 72 жашында көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери билдирди. Кесиптештеринин айтымында, ал мындан эки-үч ай мурун инсульт болгон.

Аракеев Кыргызстандагы бир катар эркин басылмаларда журналист болуп эмгектенип, саясий курч макалаларды жазган. Ошондой эле жазуучу катары дагы ысымы белгилүү эле. Анын сөөгү 13-апрелде өзү туулган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында жерге берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG