Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Бучада сөөктөр жапырт көмүлгөн жайлар табылууда


Бучадагы адам сөөктөрү жапырт жашырылган жайлар
Бучадагы адам сөөктөрү жапырт жашырылган жайлар

Украинанын орус аскерлеринен тазаланган Буча шаарында адамдардын сөөктөрү жапырт жашырылган жайлар дагы эле табылып жатат. 12-апрелде шаар мэри Анатолий Федорук 403 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар орус аскерлеринин колунан ажал тапкан.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден орус армиясынын Украинадагы аракеттерин алгачкы жолу «геноцидге» теңеди. Ал бул АКШ өкмөтүнүн расмий билдирүүсү эмес экенин тактады.

"Мен муну геноцид деп атадым, анткени Путин украиндерди жок кылууга умтулуп жатканы барган сайын ачык болууда. Далилдер да көбөйүп баратат. Өткөн жумага салыштырмалуу башкачараак. Орустар Украинада жасаган акылга сыйбас иштердин далилдери чыгып жатат",- деди Байден.

13-апрелге караган түнү жасаган билдирүүсүндө украин президенти Владимир Зеленский да Буча жана Киевдин жака белиндеги башка шаарларда орус аскерлери аялдарга жана балдарга көрсөткөн акылга сыйгыс зулумдуктардын далилдери ачыкталып жатканын билдирди.

Орусия мындай дооматтарды четке кагып, Бучадагы окуяларды «фейк» деп атап келет.

Ыктыярчылар бир жайдан табылган адам сөөктөрүн моргго алып баруу үчүн машинеге жүктөп жатышат. 12-апрель, 2022-жыл.
Ыктыярчылар бир жайдан табылган адам сөөктөрүн моргго алып баруу үчүн машинеге жүктөп жатышат. 12-апрель, 2022-жыл.

Мариуполдогу салгылашуу

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде миңден ашуун украиналык деңиз аскери багынып бергенин билдирди. Украин тарап бул маалыматты ырастай элек.

"Мариупол шаарында Украинанын 36-деңиз бригадасынын 1026 аскери өз ыктыяры менен куралдарын таштап, багынып беришти",-деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ал эми "Россия 24" телеканалы колдорун өйдө көтөрүп бараткан аскерлердин видеосун көрсөтүп, аларды багынып берген украин аскерлери катары мүнөздөдү. Мындай кадрларды кремлчил блогерлер да таратышты. Видеонун чын-төгүнүн ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Орус армиясы согуш баштаган 24-февралдан бери Мариуполду тынбай аткылап келет. Калаадагы жүз миңден ашуун адам гуманитардык апаатка кептелип, суу, жарык, тамак-ашсыз бир нече аптадан бери эптеп күн көрүп жатышат.

Азов деңизинин боюнда жайгашкан стратегиялык жактан маанилүү порт шаарды алуу Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакты Крым менен түз байланыштырууга жол ачат.

12-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Москванын Украинага кол салуудан башка аргасы жок болгонун, бул кампания Украинанын чыгышындагы адамдарды коргоого багытталганын кайталады.

"Атайын операция план боюнча жүрүп жатат. Мен, албетте коомдо жана чет жакта болуп жаткан талкууларга тыкыр көз салуудамын. Биз коомчулуктан эч нерсе жашырбайбыз жана аскердик иштерди калыс чагылдырышыбыз зарыл",-деген Путин «аскердик операция коюлган максаттарга жетмейинче улана берерин» убада кылды.

АКШнын жардамы

АКШнын Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлү билдиргендей, Байдендин администрациясы жалпы суммасы 750 миллион долларга жеткен аскердик жардамдын дагы бир пакетин даярдап жатат.

Америкалык маалымат каражаттары кабарлагандай, Пентагон ошондой эле 13-апрелде курал чыгарган алдыңкы компаниялардын жетекчилерин чогултуп, Украинага жардам берүү максатында курал өндүрүүнү тездетүүнү жана жаңы түрлөрүн ойлоп табууну талкуулайт.

Эксперттердин эсебинде, АКШ жана НАТО берген курал-жабдыктын ичинен украиндерге негизинен танктарга каршы Javelin ракеталары, Stinger зениттик ракеталары жана учкучсуз аппараттар көбүрөөк жардам берди.

Украин күчтөрү Батыштан дары-дармек, коргонуучу каражаттарды жана башка аскердик жабдыктарды да алган.

Аскердик эксперттер Орусия 24-февралда Украинага согуш ачуу менен дароо эле Киевди жана башка ири шаарларды басып алууну көздөгөн деп эсептешет. Алардын баамында, орус тарап украиндердин коргонуп, туруштук беришинен улам согуштун биринчи баскычында утулуп калды. Учурда Кремл бардык күчүн Донбасс тарапка топтоп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG