Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Экинчи дүйнөлүк согуш: тактай турган маселе көп

Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.
Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.

Быйыл Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин​ 100 жылдык мааракеси. 13-апрель - туулган күнү. Аны эгемендик жылдары төрөлүп өскөн муун жакшы биле бербейт. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Экинчи дүйнөлүк согуш темасын изилдөө, тарыхты тактоо маселеси кандай жүрдү? Бул тема кийинки муундагы окумуштууларды кызыктырабы?

Азыркы тапта Украинадагы согушка байланыштуу “агрессия”, “нацизм”, “баскынчылык” сыяктуу түшүнүктөр кайрадан актуалдашып жатканда адамзат башынан кечирген алаамат согуштардын сабагын кандай окутуп жатабыз? Бул суроолорду белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов менен талкууладык.

- 13-апрель - кыргыздын баатыр уулу Чолпонбай Түлөбердиевдин туулган күнү экен. Бул дата жалпы эле Экинчи дүйнөлүк согуштун изилдениши боюнча сөз кылууга шылтоо болуп турат. Байболот мырза, Түлөбердиевдин жоокердик тагдырына байланышкан жаңы изилдөөлөр барбы?

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору.
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору.

- Чынында абдан туура суроону көтөрүп жатасыз. Азыркы кезде Экинчи дүйнөлүк согушту жаңыча иликтеген эмгектер аз. Сиз айтып жаткан маселеде дагы тактай турган жагдайлар бар. Мурдагы советтик идеологияда Түлөбердиев Александр Матросовдун эрдигин кайталаганы айтылган. Эгемендик жылдарга чейин Чолпонбай Түлөбердиев биринчи болгон дегенге мүмкүнчүлүк жок эле. Тарыхый маалыматтарда, Түлөбердиев менен Матросовдун эрдигин кайталаган 402 учур катталган. 402 адам фашисттердин ДЗОТун, пулемёт точкаларын өзүнүн денеси менен жапкан. Ошолордун ичинен 18и тирүү калган. Матросовго чейин 45 офицер, жоокерлер кудум ушул эрдикти жасаган.

Чолпонбай Түлөбердиевдин Бишкектеги эстелиги 2020-жыл 7-майда коюлду.
Чолпонбай Түлөбердиевдин Бишкектеги эстелиги 2020-жыл 7-майда коюлду.

Эң биринчи мындай эрдикти көрсөткөн танкалык полктун офицери Александр Панкратов деген (1941-жылы августта) болгон. Бирок Александр Матросов биринчи ушул эрдикке барган баатыр катары айтылып келди. Анын эрдиги Чолпонбай Түлөбердиевден алты ай, жыйырма күндөн кийин жасалган. Муну биз эгемендик жылдардан кийин гана айта алдык. Мунун баары идеологиялык себептен. Ал доордо “Улуу орус элинин өкүлү” деген түшүнүк бар эле да. Бирок Панкратовдун эрдиги деле көз жаздымда калып жатпайбы деген суроо болушу мүмкүн. Менин жеке пикиримде, ошол 1941-жылдардагы кырдаалда мындай эрдиктерди даңазалоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул темаларда дагы тактай турган маселелер арбын. Керек болсо, акыркы учурда көп өлкөлөрдө, айрыкча Европа өлкөлөрүндө Экинчи дүйнөлүк согушка болгон көз караш таптакыр башка өңүттө карала баштаганын белгилей кетүү керек.

Аудиосун бул жерден угуңуз:
Экинчи дүйнөлүк согуш: тактай турган маселе көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:44 0:00

- Экинчи дүйнөлүк согушту окутуу, изилдөөдө эмне жагдайлар эске алынышы керек?

- Кандай гана элдин, кандай гана мамлекеттин мектептери болбосун биринчи кезекте согуштун себептерин, кесепетин, сабактарын, анын келип чыгышына түрткү болгон жагдайларды алдыңкы орунга коюш керек. Азыр сиз туура эле белгилеп жатасыз, биздеги мектеп, ЖОЖдордогу окуу куралдарынын көпчүлүгүндө совет доорунан калган мурастарыбыз окутулуп жатат. Анча-мынча жаңыланып, толукталган маалыматтар бар. Үсөналы Чотоновдун, Өскөн Осмоновдун окуу китептеринде, анан жакында көзү өткөн Нарынбек Алымкуловдун илимий эмгектери аркылуу толукталып турду. Бир топ жаңы көз караштар бар. Дагы да болсо, мындан жакшыраак алып кетсе болот эле. Бүгүнкү күнгө чейин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда - 1939-жылдан 1941-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан аскерге чакырылгандардын санын тактай албай жүрөбүз.

Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл, июнь.
Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл, июнь.

- Кийинки учурларда Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткундардын тагдыры боюнча дагы социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланып жүрөт. Менимче, өз алдынча кызыккан эле кишилердин жеке аракеттери менен чыгып жатат окшойт. Бул абдан актуалдуу тема. Окумуштуу иликтөөчүлөр арасында кызыгуу барбы?

- Туура айтасыз, тема абдан актуалдуу, өтө көйгөйлүү маселе. Кептин баары мында, архив каяктыкы? Бул Германиянын архиви, ошол концлагерлер жайгашкан европалык мамлекеттердин архиви. Ошол эле Чехия, Польша, Румыния, Болгария, Франция, Голландияга чейин жеткен аскер туткундары бар. Алардын архивине ошол өлкөнүн уруксаты менен гана кирүү керек. Андай мүмкүнчүлүк биздин кыргыз окумуштууларында жок. Анан сиз айтып жаткан кээ бир туткундар жөнүндө маалыматтар Фейсбукта, интернет булактарына чыгып жатпайбы. Алар өздөрүнүн жеке демилгеси менен эрудированный кишилердин аракети менен жүрүүдө. Бул саналуу гана үч-төрт адамдын иши болуп жатат. Абдан жакшы жумушту кылып жатышат.

Азыр сейрек болсо дагы көп кишилер “чоң атам экен”, “таятам экен” деп таап алгандар чыгып жатат. Немистердин кайсыл гана концлагеринде болбосун, туткундардын колуна тийген документинен аты-жөнүн, каерден келгенин өздөрүнө тиешелүү педанттык менен так, ачык жазып калтырышкан экен.

Жеке эрудиция менен изилдеп жаткан адамдар жарыя кылган архивдерден мен деле чоң атамдын бир тууган инисинин маалыматын таптым. Ал 1941-жылдан бери дайынсыз эле, былтыр ошол киши тууралуу маалыматты алдык. Акыркы жолу Сталинградга барып, салгылашка кирип, ошол бойдон изи жоголгонун билдик. Бирок кандай шартта курман болгону, кийинки тагдыры белгисиз. Экинчи бир маселе, биз ар кандай сайттар аркылуу издегенде азыркы кыргыз тилинин грамматикасы менен жазып, издеп эле, таппай жүрөбүз. Көптөгөн ысымдар өзгөрүп калган. Жазып жаткан жооптуу адамдар кулагына кандай укса, ошондой жазып койгон учурлар көп. Фамилия өзгөрүп калып, киши дайынсыз боло берген.

Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл, июнь.
Туткунга түшкөн советтик аскерлер. 1941-жыл, июнь.

- Экинчи дүйнөлүк согуштун башында көптөгөн советтик аскер бөлүктөрү курчоодо калып, туткундалганы тууралуу маалыматтар көп ачыкка чыкты. Биздин чөлкөмгө тиешелүү “Түркстан легиону” тууралуу кандай изилдөөлөр жүрдү же кандай өңүттө изилдениши зарыл?

- “Түркстан легиону” боюнча дагы бирдиктүү пикирлер жок. Силердин “Азатыкка” чыкты беле, “Беталма” деген каймана ат менен бир кыргыз 1943-жылы "Манасты" Берлинде китеп кылып чыгарган деп. Туткундалып, "Түркстан легионуна" кошулган “Беталма” - Алмамбет деген киши согушка чейин юстиция минстринин орун басары болгон деген маалыматтар бар.

Легиондогу кыргыздар - изилдене турган тема. Биз бүгүнкү күнгө чейин “Түркстан легионунда” канча кыргыз болгонун билбейбиз. Бул жабык тема болуп келгенин билесиз. Советтик идеологияда аскер туткундары болгон эмес деген түшүнүк болуп, аларды душман катары эсептеген. Туткундан аман келгени деле жоопко тартылып, 10-25 жылга чейин камалып чыккан.

Согуш жылдарындагы турмуш

Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти, акын, фронтовик Көлбай Күмүшалиев менен Мамлекеттик орус драмтеатрынын артисттеринин фронттук бригадасынын жолугушу. 1944-ж. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).
1/21 Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти, акын, фронтовик Көлбай Күмүшалиев менен Мамлекеттик орус драмтеатрынын артисттеринин фронттук бригадасынын жолугушу. 1944-ж. ​​(Сүрөт Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүнөн алынды).
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Фарида Муратованын фронтко өз ыктыяры менен жөнөтүүгө жазган арызы. Фрунзе шаары. 23-июнь,1941-жыл.  
2/21 Фарида Муратованын фронтко өз ыктыяры менен жөнөтүүгө жазган арызы. Фрунзе шаары. 23-июнь,1941-жыл.  
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Алдыңкы катарда Муса Баетов, Ашыралы Боталиев, Жамалутдин Муслимов. 1943-ж.
3/21 Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Алдыңкы катарда Муса Баетов, Ашыралы Боталиев, Жамалутдин Муслимов. 1943-ж.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргызстандан барган делегация Ленинграддын музыкалык комедия театрында. Спектаклдын антрагында артисттер делегаттар менен маектешүүдө. (Оң тарапта) төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти Алымкул Үсөнбаев, (3чү) Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрайымы Фатима Кадырбаева. Ноябрь, 1943-жыл. Ленинград шаары. 
4/21 Кыргызстандан барган делегация Ленинграддын музыкалык комедия театрында. Спектаклдын антрагында артисттер делегаттар менен маектешүүдө. (Оң тарапта) төкмө акын, Кыргыз ССРинин эл артисти Алымкул Үсөнбаев, (3чү) Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун төрайымы Фатима Кадырбаева. Ноябрь, 1943-жыл. Ленинград шаары. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
И.В.Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге (Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районунун Дүрбөлжүн айылы) жолдогон телеграммасы. 1944-жыл.
5/21 И.В.Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге (Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районунун Дүрбөлжүн айылы) жолдогон телеграммасы. 1944-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Буденов районунун Чоң-Токой колхозунун мурдагы койчусу, 8-гвардиялык дивизиянын катарындагы согуштун катышуусу, комсомол Р.Сүйөркулов.<br />
Фрунзе облусу. 1941-ж.
6/21 Буденов районунун Чоң-Токой колхозунун мурдагы койчусу, 8-гвардиялык дивизиянын катарындагы согуштун катышуусу, комсомол Р.Сүйөркулов.
Фрунзе облусу. 1941-ж.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов согуш жылдарында. Курск шаары. 1944-жыл&nbsp;
7/21 Кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов согуш жылдарында. Курск шаары. 1944-жыл 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргыздрамтеатрдын артисттери А.Исмаилова, Эралиева жана Алиева 1942- жылы артисттер бригадасы менен фронтко кетишип, Панфилов дивизиясында 1945-жылга чейин болушкан.<br />
Сүрөт 1943-жылы тартылган.
8/21 Кыргыздрамтеатрдын артисттери А.Исмаилова, Эралиева жана Алиева 1942- жылы артисттер бригадасы менен фронтко кетишип, Панфилов дивизиясында 1945-жылга чейин болушкан.
Сүрөт 1943-жылы тартылган.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Улуу Ата Мекендик (II дүйнөлүк согуштун) согуштун катышуучусу, медициналык кызматтын ага лейтенанты Рафа Айдарбекова.<br />
Ленинград фронту. 1942-жыл
9/21 Улуу Ата Мекендик (II дүйнөлүк согуштун) согуштун катышуучусу, медициналык кызматтын ага лейтенанты Рафа Айдарбекова.
Ленинград фронту. 1942-жыл
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Праганын тургундары 1945-жылдын 9-майында аскерлерди тосуп алууда.<br />
Прага. 1945-жыл.
10/21 Праганын тургундары 1945-жылдын 9-майында аскерлерди тосуп алууда.
Прага. 1945-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Улуу Ата Мекендик (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары) согуштун катышуучулары комбайнчыларга кол пулеметту тааныштырууда. Токмок шаары. 1943-жыл. &nbsp;
11/21 Улуу Ата Мекендик (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары) согуштун катышуучулары комбайнчыларга кол пулеметту тааныштырууда. Токмок шаары. 1943-жыл.  
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.
12/21 Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын аскерлерине белектерди тапшыруу учуру. 1942-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери. Фрунзе облусунун Киров районунун &ldquo;Кызыл дыйкан&rdquo; (&ldquo;Красный пахарь&rdquo;) колхозунун колхозчулары тактикалык окутуу учурунда. Фрунзе облусу. 1942-жыл.
13/21 Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери. Фрунзе облусунун Киров районунун “Кызыл дыйкан” (“Красный пахарь”) колхозунун колхозчулары тактикалык окутуу учурунда. Фрунзе облусу. 1942-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргыз ССРинин КПБКнын секретары А.В.Вагов жана эл комиссарлар кеңешинин иш башкармалыгынын жетекчиси М.Рысалиев жердештери менен фронтто. 20-жылдардын комсомолу, Пишпек шаарынын пионерлеринин алгачкы жол баштоочусу, жарандык согуштун катышуучусу Р.Д.Сарымсаков (акыркы катарда жетинчи). 1943-жыл&nbsp;
14/21 Кыргыз ССРинин КПБКнын секретары А.В.Вагов жана эл комиссарлар кеңешинин иш башкармалыгынын жетекчиси М.Рысалиев жердештери менен фронтто. 20-жылдардын комсомолу, Пишпек шаарынын пионерлеринин алгачкы жол баштоочусу, жарандык согуштун катышуучусу Р.Д.Сарымсаков (акыркы катарда жетинчи). 1943-жыл 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Жаш жоокер, Улуу Ата Мекендик согуштун (II дүйнөлүк согуштун) катышуучусу Куват Жуматаевге берилген Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардактуу грамотасы. 1941-жыл. &nbsp;
15/21 Жаш жоокер, Улуу Ата Мекендик согуштун (II дүйнөлүк согуштун) катышуучусу Куват Жуматаевге берилген Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардактуу грамотасы. 1941-жыл.  
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргыз ССРинин эл артисти, Ленин ордендүү Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти Сайра Кийизбаева.<br />
Брянск фронту. 1942-жыл.
16/21 Кыргыз ССРинин эл артисти, Ленин ордендүү Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын артисти Сайра Кийизбаева.
Брянск фронту. 1942-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Ортодо артист Ашыралы Боталиев. 1943-жыл.&nbsp;
17/21 Кыргыз Мамлекеттик театрынын артисттери фронтто. Ортодо артист Ашыралы Боталиев. 1943-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Инструктор-учкуч Касым Ормокеев (оңдо) жаш учкуч Шавкат Комановго учуу алдында тапшырма берүүдө.<br />
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: Е.Халдей. 1941-жыл.
18/21 Инструктор-учкуч Касым Ормокеев (оңдо) жаш учкуч Шавкат Комановго учуу алдында тапшырма берүүдө.
Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: Е.Халдей. 1941-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
№1 Чаек орто мектебинин мергенчилик боюнча инструктору Алек Жунушев.<br />
Тартылган аймагы: Тянь-Шань облусу. Сүрөттүн автору: Л.Вильчинский. 1941-жыл.
19/21 №1 Чаек орто мектебинин мергенчилик боюнча инструктору Алек Жунушев.
Тартылган аймагы: Тянь-Шань облусу. Сүрөттүн автору: Л.Вильчинский. 1941-жыл.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери мылтыктан ок атууну үйрөнүүдө. (Солдон оңго) Умарбеке Умарбаев, Эштай Жанабаев, Жумагул Керимбаев, взводдун саркери (командири) Ханафий Гамутдинович Нигматулин.
20/21 Жалпы аскердик окутуунун (Всевобуч, всеобщее военное обучение) аскерлери мылтыктан ок атууну үйрөнүүдө. (Солдон оңго) Умарбеке Умарбаев, Эштай Жанабаев, Жумагул Керимбаев, взводдун саркери (командири) Ханафий Гамутдинович Нигматулин.
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл.&nbsp;
21/21 Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл. 
Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденинин толук ээси, 73 жоокер Советтер Союзунун баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандык курман болгон.
Артка
Алдыга

- Мына азыр XXI кылымда “агрессия”, “нацизм”, “баскынчылык”, “согуш” деген түшүнүктөр кайра актуалдашты. Биздин жаш муундагы окумуштуулар арасында Дүйнөлүк согуштарды иликтөөгө кызыккандар барбы же өтүмдүү тема болбой калдыбы? Жаш муун дегенде – эгемендик жылдары төрөлүп, торолгондорду айтып жатам.

- Күтүүсүз суроо, албетте. Эгемендиктин башаты деген 1990-жыл. Ошол жылы туулган балдар азыр отуздан ашты. Булар калыптанып, алдыңкылары министрликтерге орун басар болуп, ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалап калды. Ал эми илимге келсек, ушул Экинчи дүйнөлүк согуш темасын жаңыча көз караш менен иликтейм деген жаш адисти жолуктура элекмин. Мунун баары азыркы жаштардын Экинчи дүйнөлүк согуштагы маселелерден кабардар эмес экени, билбегени.

Экинчи жагы, азыр силерде, журналисттерде мүмкүнчүлүк көп. Мисалы, немистердин концлагерлеринде болгон кыргыздардын тагдыры, кимдер иликтеп жатканы тууралуу иликтеп, тактоо мүмкүнчүлүгүңөр бар. 2009-жылдан бери Экинчи дүйнөлүк согушка мамиле такыр башка өңүттө каралууда. Болтурбай койсо болот беле деген суроо коюлуп жатат. Изилдейм деген жаш окумуштуу болсо, маалымат толтура.

  • 16x9 Image

    Айбек Абдылдаев

    "Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG