Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Мээнеткеч тарыхчы, талбас тарбиячы дүйнө салды


Кыргыз тарыхчысы Нарынбек Алымкулов. Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу жайлоосу. 20.6.2012.
Кыргыз тарыхчысы Нарынбек Алымкулов. Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу жайлоосу. 20.6.2012.

63 жашында каза болгон таланттуу тарыхчы жана педагог, доцент Нарынбек Ашыралы уулу Алымкуловдун элесине арналган кесиптеши Т.Чоротегиндин блогу.

Аттиң ай!.. Накебизден мезгилсиз айрылыптырбыз!..
Жанда жок жаракөр, терең билимдүү айдың, өзүн аябаган мээнеткеч досум Нарынбек Ашыралы уулу Алымкулов (15.4.1958 –– 11.1.2022) кайра кайтпас жакка сапар алган экен!..

Ал кыргыз тарых илиминде өз үнүн билдирип, Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхын жаңыча иликтөөгө жеке салымын кошуп кетти. Ал талаш-тартышуу көйгөйлөрдү жаңыча таразалаган каарман адис эле.

Н.А.Алымкулов экинчи дүйнөлүк согушка катышкандардын каармандыгын белгилөөдө алардын этностук тегине байланыштуу бир беткей мамиле жасалышы ыктымал эле деген суроону ачык көтөргөндүгү эсте:
“...Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын кайрадан карап чыгуу керек. Андагы кыргызстандык жоокерлердин орду, көрсөткөн эрдиктери тууралуу айрым маалыматтар такталбай, туура эмес берилип калган учурлар бар. Маселен, Кыргызстандан согушка 380 миңдей жаран кетип, алардын 166 миңи кайра катпай калган. Мына ушулардын 40 пайызга жакыны эч кандай орден-медал менен сыйланган эмес. Негизи согушта орден-медал менен сыйланбай калгандар аз болгон. Эмне үчүн булар сыйлык алган эмес деген суроого биз азыр жооп бере албайбыз. Же булар согуштун алгачкы күндөрү эле алгачкылардан болуп салгылашка кирип, каза болгон же туткунга түшүп сыйлыктарынан ажыратылганбы деген сыяктуу суроолор туулат. Же улутка карата жасалган мамилеби?”

Эсимде, бир жолу ага кайсы бир окурманы “Эмне үчүн Маскөөнүн Волокаламск жолундагы Дубосеково кыштагынын жанындагы темир жолдун ачакейинде болгон 28 панфиловчунун салгылашуудагы эрдигинин маанисин кемейтүүгө далаалат болуп жатат?” деп сураган.

Н.А.Алымкулов жаңы колго тийген тарыхый маалыматтарга негизденип, иш жүзүндө жагдай мурда элестетилгенден алда канча татаал болгондугун, Кызыл армиянын 316-аткычтар дивизиясынын (кийин ал 8-гвардиялык дивизия аталган) 1075-аткычтар полкунун 2-батальонуна караштуу 4-ротаны жетектеген белорус тектүү офицер Павел Михайлович Гундиловичтин (1902–1942) карамагында 140 жоокер болгонун (демек, 28 деген сандан алда канча көп жоокер)жана бул рота фашисттик танктардын чабуулунун мизин майтарууда зор эрдик жасагандыгын, алардын ичинен болгону 20–25тей эле киши аман калгандыгын айтып келчү.

Өз маегинде ал панфиловчу деп аталып калган бул жана башка жоокерлердин арасында “баатырдык көрсөтүп, бирок белгисиз болуп калган жердештерибиз абдан көп. Муну да такташыбыз керек. Ошол эле мезгилде бир топ кишилер согушта туткунга түшүп, качып чыгып польшалык, франциялык социалисттер менен бирге партизандык кыймылдарды түзүшкөн. Булар тууралуу эч кандай маалымат айтылбай келет. Мына ушулардын баарын кайрадан карап, изилдеп чыгуу керек болуп турат”, – деген эле.

Алымкулов: Согуштун ачыла эле сырлары көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:33 0:00


Видео тасма: Алымкулов: Согуштун ачыла эле сырлары көп. 09.5.2014.

Тарыхчы Н.А.Алыкулов советтик Борбордук Азиянын чыгышынан барган жоокерлердин эрдик көрсөткөнүнө чейин аларга карата ишенбестик мамиле да болгонун белгилеген: “...биздин жоокерлерден куралган 316-аткычтар дивизиясына деле Кызыл Армия анча ишенген эмес. Бирок алар өзүнөн төрт эсе күчтүү армияга туруштук берип, таң калаарлык баатырлыкты көрсөтүп жатышпайбы. Муну деле бир мисал катары кароого болот. Ошондуктан мунун баарын архивдерден карап тактоо керек”, – деген ал.

Нарынбек Алымкулов согуш туткундарынын тагдырын жаңыча таразалоону ар бир карапайым жооокердин тагдырын үйрөнүүгө астейдил мамиле жасоо аркылуу жүзөгө ашыруу керек деп санаган:

“(Советтик жоокер) үч саат эле туткунга түшүп калса, 10 жылга соттоп жиберген. Ушундай тагдырды башынан өткөргөндөр немистердин кордугунан биздики ашып түшкөн деп айтып жатышпайбы. Эл дагы аларга душман катары карай баштаган. Маселен, Тойчубеков, Жекишов, Исманкулов деген сыяктуу ардагерлер туткунга түшүп, андан качып чыгып Француздук социалисттик партизандык бөлүктө кызмат өтөп келсе, бул жактан аларды соттоп жиберген. Алардын баары азыркы учурга чейин акталган эмес”, – деген эле Накебиз.



Архивден жаңы маалымат иликтөө ийне менен кудук казгандай эле түйшүк. Былтыр эле октябрда Н.А.Алымкулов Маскөөдөгү архивдерди ушул өңүттө дагы бир жолу аңтарып, жаңы маалыматтар таап келген болчу. Бирок ал айрым архивдик иш кагаздарын архивчилер бербей да коюшканына капа болгон.

Атаганат, ал өзүнүн топтогон бай маалыматтарын бирдиктүү китеп кылып жарыялоого үлгүрбөй кетти. Анын көп ойлору илимий макалаларында, маектеринде, дарстарында, баарлашууларында жана кол жазмасында гана чагылдырылып калды.

Эми урпактары жана окуучулары анын мурасын топтоп, аздектеп тийешелүү илимий чөйрөгө жана жалпы коомчулукка жеткирүүсү зарыл.

Мүлдө журтубуздун эсинде бир окуя бар. Александр Матросов (ал деле жетим өсүп, орусча ысым алган башкыр жигити болгон дешет) дзотту денеси менен жаап, 1943-жылы эрдик кылган. Ал эми 1942-жылы андан мурда да ошондой эрдик кылган Чолпонбай Түлөбердиевди кыйла жылдар бою окуу китептерде жана башка адабиятта “Матросовдун эрдигин кайталаган баатыр” катары жазып келишкен.

Тасма. "Эсимде-ТВ", 13-чыгарылыш. Тарыхчы Нарынбек Алымкулов менен маек. 19.11.2020. (Алып баруучу - Миржан Балыбаев; долбоор жетекчиси - Элмира Ногойбаева).

Чолпонбай баатырга карата бул адилетсиздик тууралуу философ, академик Асанбек Табалдиев маселе козгоп чыккандан кийин да советтик көп эмгектерде эскиче баа кала берген. Кийинки иликтөөлөрдө мындай ыкма менен эрдик жасагандар Чолпонбайдан да мурда чыккандыгы, жалпысынан 400дөй киши дал ушундай баатырдык ыкмага баргандыгы тастыкталды.

Муну эмне үчүн айтып жатабыз? Элибиздин далай өкүлдөрү Асанбек Табалдиевдин кандай илимий ачылыштар жараткандыгы менен иши деле жок, бирок тоталитардык цензуранын шартында баатыр Чолпонбайдын сөөгүн агартты деп ал каарман окумуштууну өзгөчө кадырлап калышкан.

Накебиз да Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларын жана эрксиз туткундарын, жана ошондой эле “эмгек армиясы”, “эмгек майданы” деп аталып, иш жүзүндө согуш туткундарындай эле оор шартта мээнет тер төккөн жана набыт болгон көп сандаган советттик жарандардын тагдырын калыс изилдөөгө чакырган жана бул ишти баштоого өз салымын кошкон айдың катары эл эсинде калмакчы.

Кыргызстандын согуштагы салымы
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:32 0:00
Түз линк

Накени дасыккан педагог катары өзү эмгек жолунун басымдуу бөлүгүндө кызмат өтөгөн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өзгөчө урматташчу.

Ал 2008-жылы 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2014-жылы 27-майда ал КУУнун “Эмгеги сиңген изилдөөчү” ардак наамына, эки ирет (2012- жана 2018-жж.) аталган университеттин Ардак грамотасына татыган.

Накебиз менен дагы далай жакшы илимий-чыгармачыл саамалыктары жана долбоорлору тууралуу сөз кылганбыз.
2015-жылы июлда Накебиз, профессор Аалыбек Акунов үчөөбүз Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун бардык оодандарын кыдырып, этнографиялык сапарда болдук. Бул аймактан тышкары Кашкар, Жаркен, Хотан, Аксуу шаарларын кезип өттүк, Ак-Тоо (Чыгыш Памир) жана Хотан тоолорундагы кыргыз айылдарын чогуу көрдүк.

Тарыхчылар Аалыбек Акунов, Нарынбек Алымкулов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдон солго) залкар манасчы Жусуп Мамайдын музейиндеги маркумдун мом айкелинин жанында. Меркеч кыштагы, Кара-Булак айыл аймагы, Ак-Чий ооданы, Кызылсуу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. 30.7.2015.
Тарыхчылар Аалыбек Акунов, Нарынбек Алымкулов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдон солго) залкар манасчы Жусуп Мамайдын музейиндеги маркумдун мом айкелинин жанында. Меркеч кыштагы, Кара-Булак айыл аймагы, Ак-Чий ооданы, Кызылсуу Кыргыз автоном облусу, ШУАР, КЭР. 30.7.2015.

Накебиз, Аалыке болуп кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамайдын (1918--2014) ашына катыштык.

Бийик Каракорум тоолорундагы Шайдылда-Базар айылы акимдик башкаруу жагынан КЭРдин Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагына баш ийет (бул айылды уйгурча Кең-Кыр дешет экен, кыргызча Кең-Кыя делет).

Тасма. Тибеттен түндүк-батыштагы Шайдылда Базар кыштагында туулуп-өскөн, учурда Кең-Кыя (уйгурча: Кең-Кыр) айылында жашап жаткан Абдысамат Нуракун уулу менен маек. Хотан аймагы, КЭР. Т.Чоротегин. 27.7.2015.

Мындагы жергиликтүү манасчы Турсун Ыбырайым аксакалдын алыскы элеттик руханий коломтонун отун өчүрбөгөн өнөрүнө күбө болдук, жергиликтүү мектеп мугалимдери жана айдыңдар менен баарлаштык.

Ушундай кыргыз таануу сапарларын келечекте да улантуу тилегибиз бар эле. Маселен, Орусия Федерациясындагы Алтай Республикасына, андан ары Хакасия менен Тывага чогуу сапарга чыгып, кыргыз элине да тарыхый атажурттарынын бири болгон Чоң Алтайдын, Энесайдын ажайып жерлерин үй-бүлөлөрүбүз менен кезели деген да тилегибиз бар эле.

Тоолуу Алтайдын элин Накебиздин кайындары деп коёбуз, себеби жубайы – кыпчак таануучу этнограф, тарых илимдеринин доктору, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Сынару Кадыр кызы Алымкулованын теги - алтайлык. Ал Эл аралык алтай таануу шеринесинин (ПИАКтын) 2018-жылы Кыргызстанда өткөн 61-отурумунун президенти болгон.

Накебиз Алтайга чогуу сапарга чакырганынан эч жазчу эмес (албетте, өз бетимче Энесай менен Алтайды кыдырган элем), бирок жай мезгилинде менин колум бошобой келди...

Быйыл жайында сапарга чыгалы деп тилек кылдык эле. Аттиң, жазмыш!..

Нарынбек Алымкулов, Тынчтыкбек Чоротегин жана Аалыбек Акунов (солдон оңго) кытайлык кыргыз мүнүшкөрлөрү үчүн атайын курулган айтылуу Мүнүшкөрлөр айылында. Ак-Чий ооданы, Кызылсуу Кыргыз Автоном Облусу, ШУАР, КЭР. 30.7.2015.
Нарынбек Алымкулов, Тынчтыкбек Чоротегин жана Аалыбек Акунов (солдон оңго) кытайлык кыргыз мүнүшкөрлөрү үчүн атайын курулган айтылуу Мүнүшкөрлөр айылында. Ак-Чий ооданы, Кызылсуу Кыргыз Автоном Облусу, ШУАР, КЭР. 30.7.2015.


Эс тартып калган тээ студенттик жаш чагыбыздан сыр бөлүшкөн азганактай досторумдун бири элең!..

Биз ал кездеги Бишкектеги көзгө басар университетке элеттен келдик. Элеттик курсташтарыбыздын айрымдары орто мектепте окуп жүргөндө пахта талааларында, сакманда, кыркында, айыл чарба иштеринде текейден арзан баага иштеп, баалуу окуу мезгилин «өкмөт менен партиянын беш жылдык планын аткаруу үчүн» сарптап жүргөн чакта, көптөгөн шаардык жана шаарчалык балдар артыкчылыктуу абалда эле. Чүй өрөөнүндөгү элет балдары да кыргызча жана орусча китептерин алыскы аймактагылардан алда канча көбүрөөк окуй алышкан.

Кара-Балта шаарынын ыптасында чоңойгон Накебиз да мектепте кезинде эле кыйла сабаттуу болуп калган.
Дал ошондуктан айдыңдык пайдубалы бекем жана зээндүү Нарынбек Ашыралы уулу алгачкы курстан тартып КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетинде мыкты окуду.

Накебиз эч качан өзүмчүл болгон эмес. Жаракөрлүк менен далай балдар-кыздарга көмөк кылчу. Анын шурудай тизип жазган дарс конспекттерин далай элеттик курсташтары салыштырып кошумча үйрөнүү үчүн алып турушаар эле. Аны абдан жакшы көрүшчү.

Өзү спорт менен алектенип, мыкты чуркачу. Окууга жаңы өтүп, айыл чарба жумушуна барган чагыбызда (1976-жылы августта) мени жана башка досторун эрте ойготуп өзүнө кошуп алып, алыска эликтей түйүлүп чуркаар эле. Кээде андан уялгандан улам эрте ойгончубуз.

130дай курсташтын ичинен чүйлүк Наке, ноокаттык Маке (ыраматылык Маширап байкебиз), кеминдик Эсеке (Эсенбек), кочкорлук Аалыке (Аалыбек), чүйлүк Муке (Мурат) жана Ички Теңир-Тоодон келген мен болуп ошол айыл чарба жумушу маалында билинбей эле достошуп калдык.

Сырдашаар элек. Алгачкы тунук сүйүүбүз кимге арналганын да билчүбүз.

Ал түгүл студенттик кошуун маалында Ысык-Көл ооданында бир айылга келип, ал өзү ичинен жактырган алиги кыздын энесинин чөбүн Наке экөөбүз дем алчу күнүбүздө ыктыярчы болуп бекер жыйнап бергенибизди эстегенде, аргасыздан жылмаям (совет доорунда ак дилден бекер иштөө деле ыракат болчу). Ал кыз кийин башка жигитке чыкты.

Нике кайып демекчи, кийин Маскөөдө экенинде турмушка каныккан, өспүрүмдүгүн таштап биротоло жетилген Накебиз сүйүүсүн таап, 1985-жылы Сынару экөө баш кошту. Аяшыбыз ага Манас (1986) менен Болот (1989) деген мыкты уулдарды төрөп берди.

Илимге суусаган Накебиз мезгилди өз каалаганындай пайдаланчу.

Ал төртүнчү курсту аяктаган соң, 1980-жылы Маскөө мамлекеттик университетинин (ММУ) тарых факультетине үчүнчү курска (төмөнкүрөөк курска) которулду.

Азыркы таптагы студент керек болсо магистратураны аяктаган соң, башка кесипке бакалавр баскычына кайрадан оңой эле өтүп жатат. Биздин убагыбызда бул – сейрек тандоо, айырмалуу көрүнүш болчу.
ММУнун тарых факультетин 1983-жылы аяктаган соң, Накебиз бир жылдай изилдөөчү стажёр болуп ММУдагы өз факультетинде калтырылды да, 1984–1987-жылдары ал факультетте күндүзгү бөлүмдө аспирантураны аяктады.

1988-жылы ал ММУда илимий диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алды.
Бизге 1-курста «Археология» сабагын берген ыраматылык окутуучубуз, КУУнун доценти Бейше Урстанбеков (1938–1991) агайыбыз Маскөөдө кыска мөөнөттүк сапарда жүргөн чагында Накенин илимий китепканада өзгөчө ынтызарлык менен иштегенине күбө болуп, мага аны далай ирет мактаган эле.

Баса, мээримдүү Асылкан аяш апабызды биз да көрүп калдык. "Атасы жок жетим" дедиртпестен, аяш апабыз да, Накенин улуу бир туугандары да аны өзгөчө ынтымак менен колдоп турушчу.

Эмгек китепчеси тастыктагандай, Накебиз 1988-жылдын башынан тартып өз өмүрү өткөнгө чейин Бишкектеги ЖОЖдордо педагог окутуучулук ар кыл кызматтарды аркалады. Доцент болду, кафедра башчысы кызматын да аткарган учуру болду.

Ал орто жолдо Бишкекте жаңы негизделген Борбордук Азия Америкалык университетинде (AUCA) иштеп, аны телчитүүгө да жеке окутуучулук салымын кошту.

Жубайы Сынару экөөнү тун уулу Манас неберелүү кылып кубантып, кичүүсү Болот эми үйлөнсө экен деп жатышканда, капысынан ушул жазмыштуу окуя орун алып жатпайбы.
Уктап жатып түбөлүккө кете берген учурду элибизде «жакшы өлүм» деп коюшат. Атаганат, анын тагдырына ушул «жакшы» өлүм деле 63 жашында эмес, дагы кырк жылдан кийин деле жазылса кана!..

Айла канча!.. Эми Теңир берген жашыбыз өтөөр-өткөнчө Накенин жакшы иштери тууралуу артындагы жары, бала-бакырасы, туугандары, достору, курсташтары, улуу-кичүү үзөңгүлөштөрү биригип узун сабак сөз кылаарбыз.

Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, досум!
Сынару аяшыбызга, уулдарың Манас менен Болотко, келин балаңа, жалпы Алымкултегиндерге, кайгырып турган үзөңгүлөштөрүңө азаларын бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кайрат кылыңыздар!.. Жазмыш ушул экен!.. Арты жакшылык болсун!.. Накебиздин урпактары улутубуздун татыктуу атуулдарынан, чыгаан жарандардан болушсун!

XS
SM
MD
LG