Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Орусия Бельгия менен Нидерланддын дипломаттарын өлкөдөн чыгарат


Нидерланддын Москвадагы элчилиги.
Нидерланддын Москвадагы элчилиги.

Орусия Европа Биримдигине мүчө эки өлкөнүн 36 дипломатын өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 19-апрелде билдиргендей, Москва Бельгиянын 21, Нидерланддын 15 дипломатын "персона нон-грата" деп жарыялап, алардан эки жуманын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.

Мындай чара бул өлкөлөрдүн Украинадагы согушка байланыштуу орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарганына жооп катары кабыл алынды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Люксембургдун Москвадагы элчисин да чакыртып, ага орус дипломаттарын көрүлүп жаткан чараларга жооп берилерин эскертти.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери Европа өлкөлөрү 300дөн ашуун орус дипломатын өз аймагынан чыгарды.

Өткөн аптада Орусия Чехиянын, Болгариянын, Европа Биримдигинин дипломаттарын "персона нон-грата" деп жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG