Бир катар медиа каражаттар быйыл жайда өтүүчү теннис боюнча Уимблдон ачык чемпионатына орус жана беларус спортчуларына катышууга тыюу салынарын жазышты.
20-апрелде The Times жана Sportico басылмалары өз булактарына таянып маалымдашкандай, турнирди өткөрүп келген AELTC уюму бул эки өлкөнүн оюнчуларына тыюу салуу чечимин британ өкмөтү менен сүйлөшүп жатат.
Эгер бул ишке ашып кала турган болсо, учурда дүйнөдө экинчи орунду ээлеген Даниил Медведев жана сегизинчи орунда турган Андрей Рублев мелдештерге катыша албай калышат.
Ал эм аялдардан Виктория Азаренко менен Арина Соболенко четтетилиши ыктымал. Ал экөө тең Беларустун жарандары.
Уимблдон ачык чемпионаты 27 июндан 10-июлга чейин өтөт. Буга чейин башка таймаштарга орус жана беларус спортчуларына нейтралдуу туунун алдында катышууга уруксат берилген.
Би-би-си билдиргендей, Уимблдон боюнча чечим 20-апрелде чыгышы керек. (EzK)