Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Болот Темиров шаардык милицияга суракка кирди


Болот Темиров. Архивдик сүрөт.
Болот Темиров. Архивдик сүрөт.

Тemirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына бүгүн 21-апрелде да суракка кирди. Кечээ ал суракка эки жолу чакырылган.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү эки иш козголгонун Темиров ушул иликтөөсү менен байланыштырып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл январда шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG