Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Талибдер "ТикТокко" жана PUBG оюнуна тыюу салышты


"ТикТок" социалдык тармагынын логотиби.
"ТикТок" социалдык тармагынын логотиби.

Ооганстандагы талибдердин бийлиги TikTok социалдык тармагына жана PUBG онлайн оюнуна тыюу салды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Инамулла Самангани Твиттерге жазды. Ал белгилегендей, өкмөт Байланыш жана маалымат министрлигине жаш муунду жаңылыш жолго салып жаткан социалдык тиркемени жана онлайн оюнду жабууну тапшырган.

Кытайлык компанияга таандык TikTok - өзгөчө жаштар арасында кеңири жайылган тиркеме. Дүйнөдө аны 1 миллиарддан ашуун адам колдонот.

Буга чейин айрым эксперттер ал балдардын жана жаштардын психологиялык саламаттыгына кедергисин тийгизерин белгилешкен.

Ал эми PUBG оюну түштүк кореялык "Крафтон" компаниясына таандык.

Анткен менен айрымдар бул тиркемелерди Ооганстанда жабуу кыйынга турарын белгилешет. Анткени каалагандар аларга VPN сыяктуу платформаларды колдонуу менен кире бериши мүмкүн.

Талибдер бийликке өткөн жылдын август айында келишкен. Алар бул жолу катаал чараларды колдонбоого убада беришсе да, кыз-келиндерге ушул күнгө чейин мектепке барууга уруксат бериле элек. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG