Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Орус күчтөрү Украинанын темир жол объектилерине сокку урду


Украинанын Львов облусундагы чабуулга кабылган темир жол бекеттери. 25-апрель, 2022-жыл.
Украинанын Львов облусундагы чабуулга кабылган темир жол бекеттери. 25-апрель, 2022-жыл.

Орусиянын аскерлери 25-апрелде Украинанын борбордук жана батыш бөлүктөрүндөгү кеминде беш темир жол бекетине ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик темир жол компаниясы жана бир катар облустардын администрациялары кабарлады.

“Украин темир жолдору” (“Укрзализницы”) ишканасынын башчысы Александра Камышинанын кабарлашынча, чабуулдан жаракат алгандар катталды. Жүргүнчүлөрдү ташуучу 20га жакын поезд токтотулду. Киевди башка аймактар менен байланыштырган стратегиялык линиялар зыян тартты.

“Украинская правда” басылмасы жазгандай, Орусия Украинанын темир жолуна чабуул жасоо менен батыш өлкөлөрү берген аскердик техникаларды Киевге жеткирүүгө бут тосууну көздөп жатат.

Орусиянын Украинага карата кеңири масштабдагы аскердик кол салуусу 24-февралда башталган. Орус аскерлери аскердик объектилерден сырткары жарандык инфратүзүмдөргө, мунай базаларына, күйүүчү май сатуучу жайларга, чиркөөлөргө, мектептерге жана ооруканаларга сокку уруп жатат. Турак жайлар артиллерия жана баллистикалык ракеталар менен аткыланууда. Орусия Украинанын аймагын басып алуу максаты жоктугун айтып, өз аракетин “атайын операция” деп атап жатат. Киев муну баскынчылык деп атоодо. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG