Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Көчмө маммографты оңдоого акча бөлүнө турган болду


Көчмө санарип маммограф
Көчмө санарип маммограф

Президенттик аппарат үч ай иштеп бузулуп калган маммографты оңдоого акча бөлүп берет. Бул тууралуу "Жардам берүү оңой" ("Помогать легко") коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Анын айтымында, "Эргене" коомдук фонду сатып берген көчмө маммограф Таласка жеткирилип, 644 аял текшерүүдөн өткөн. Аппараттын жардамы менен алардын арасынан 26 аялдан эмчек рагынын белгилери аныкталган.

Динара Аляева 26-апрелде Фейсбуктагы баракчасына көчмө маммограф иштебей калып, жүздөгөн аялдар текшерүүдөн өтө албай жатканын жазган.

Кыргызстанда өсмө ооруларынын ичинен көкүрөк бези жана жатын рагы менен ооругандар биринчи орунда турат. Жылына орто эсеп менен 600-700 аялда бул оору аныкталып, 60% бир жылдын ичинде каза болот.

“Эргене” фонду өлкөдөгү аялдардын эмчек, жатын рагын алдын алыш үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен көчмө санарип маммограф сатып алган.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG