Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Инвесторлорго бериле турган 16 гектар жер кайда экени расмий айтылды


Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.
Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

Президенттик администрациянын жаңы имаратына алмашыла турган 16 гектар жер Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” паркынын маңдайынан берилери расмий ырасталды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

“Мамлекеттик имаратты салыш үчүн биздин карамагыбызда турган 16 гектар жерди инвесторлорго сунуштап, алар бизге ушул имаратты салып бергенге макул болду. 16 гектар жер Малдыбаев көчөсүндөгү “Ынтымак 1” жана “Ынтымак 2” парктарынын маңдайында жайгашкан. Бул бир толук жер”.

Анын сөзүнө караганда, президенттик администрациянын жаңы имаратына айырбашталып жаткан 16 гектар жер башында Бишкек мэриясыныкы болчу. Кийин Спорт комитетине өтүп, былтыр президенттин иш башкармалыгы алган.

15-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров мурдагы Ысык-Көл мейманканасынын ордуна курулуп жаткан президенттик администрациянын имаратынын пайдубалын түптөөгө катышкан. Ал инвесторлор жаңы имаратты салып берип ордуна 16 гектар жерди аларын билдирген. Бирок ушуга чейин ал жер кайсы аймакта жайгашканы айтылбай келаткан.

Жаңы имарат үчүн шаарда баасы кымбат турган 16 гектар жердин берилиши коомчулукта сын-пикирди жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары, активисттер буга каршы чыгып жатышат.

21 миң чарчы метрди түзө турган президенттик администрациянын жаңы имаратын жергиликтүү “TS Group” компаниясы салат. Президенттин иш башкармалыгы анын курулушу 1,5 жылда бүтүп, 2023-жылы анын жанына министрликтер жайгаша турган жаңы мекеме куруларын кабарлады. (BTo)

"16 гектар жер “Ынтымак” паркынын маңдайынан берилет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG