Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Жалпы республикалык тестирлөө 24-майда башталат


Пандемия шартындагы ЖРТ тапшыруу учуру. 2020-жыл.
Пандемия шартындагы ЖРТ тапшыруу учуру. 2020-жыл.

Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен жадыбалга ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагы үч этап менен өтөт. Ага ылайык,

1-этап - 24-25-май күндөрү;
2-этап - 27-28-май күндөрү;
3-этап - 24-25-июнда болот.

Акыркы жолкусуна мурунку этаптарда жүйөлүү себептер менен сынак тапшыра албай калгандар катышат.

Жалпы республикалык тестирлөө сынагына катталбай калган бүтүрүүчүлөр тест борборлорунда 23-26-май күндөрү жана 23-июнда жазылса болот.

ЖРТга катышуу үчүн каттоо 16-февралда башталып, 6-апрелде аяктаган.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 (предметтик 60) бойдон калганын, бирок тесттин жыйынтыгына жараша бул чек өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Быйыл Кыргызстанда 68 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт.(ZKo)

---------------

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG